// //

Күйөөсү токол алып, төшөк жаңырткысы келген аялдын баяны

2019.08.05, 17:14
9674

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында күйөөсүнүн экинчи аял алгысы келип жатканы айтылат.

Роза: Балээнин баары кинодон башталды

Саламатсызбы! Мен ушул суроомо адистин жообун уксам дедим эле.

Баш кошконубузга 10 жылдын жүзү болду. Жашоонун жакшысын да, жаманын да көрдүк. Бир ажырашып кайра табыштык. Кыскасы, элден кем калбай жашап келатабыз.

Кеч кирип калган. Тамак ичкени чогулдук. Күйөөм телевизорду күйгүздү. Токол алгысы келген эркектер жөнүндө комедия болуп жатыптыр. Көзүн албай көрдү. Балдар тамак ичип туруп кетишти.

Эмне дейт экен деп кино бүткүчө жанында отурдум. Бүттү. “Ии, токол алгың келип кеттиби?” - деп тамашаласам, “Мыйзам боюнча экинчи аял алууга уруксат берилген, “так что” кааласам алам”, - деп таң калтырды.

Ошол күндөн баштап, эки сөзүнүн бири эле экинчи аял болуп калды. Токол алууну каалап жатканын айтат. Сурайын дегеним, мыйзам бул нерсеге уруксат бергенби?

Адис эмне дейт

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу айым, Кыргыз Республикасында эки же андан көп аял алууга мыйзам чегинде тыюу салынган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, өз укугуңузду коргой аласыз.

Эки аял, эки үй-бүлө күтүү бул сиз жана балдарыңыз үчүн моралдык-психологиялык жактан чоң сокку болот. Ортодо балдар тынч жагдайда чоңоё алышпайт, психологиясына доо кетет. Муну күйөөңүзгө жеткиликтүү кылып түшүндүрүүгө аракет кылыңыз.

Жакшылап ойлонсоңуз, дайыма атаандашуу, бири-бирин жек көргөн абал кимге керек? Эки аял алып жашаган эркектерди сурамжылоонун жыйынтыгында “Эгер убакытты кайра артка жылдырса, бир үй-бүлө менен эле бактылуу болуп, тынч жашамакмын” деген пикирлер орун алган. Такыр эле болбой жатса укук коргоо органдарына кайрылыңыз, мыйзам сизди коргойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт