// //

"Сөйкө" (Чыныгы окуяга негизделген)

2018.07.05, 13:24
4041

Август. Окуу жылы башталаарына эки апта калганда, Жакшылык апасын ээрчип шаарга келди. Жайдын аптабында калаанын жайма базарын кыдырып жүрүп, күнгө куйкаланып, акактаса да анысын апасына билдирбегенге тырышты. Үч ай жайлоодо жүрүп, каникулга тарагандан бери көрө элек Айзиректи жакында көрөрүн, анын жанында апапак көйнөк кийип турарын элестеткенде, күн башынан өтүп, тили салаңдап калганына да кайыл. Ансыз деле шаарга барчу күндү санап, "эртең барабыз" деген түнү тыбырчылап тынч уктай албай, коңшусу Сайпидин молдо багымдат намазына азан чакырганы даарат алып аткан маалда эле туруп алган...

Зуура уулунун кем-карчысына деп белендеген акча жетпей калбасын деп, жайлоодон эки кап сүзмө ала келген. Анысын сүзмө алып-саткан аялдар шоопур Каныбектин УАЗынан жерге түшүрбөй эле талап кетишти. Ошентсе да сентябрга жакын баасы көтөрүлүп кеткен кийимдерди карап, түпөйүл. Уулу апасына ысыкта кыйналганын билдирбегенге аракет кылгандай эле, апасы уулуна бир сыйра кийим кылгандан кийин эле калтасында какып калчу каражатын билдирбей баратты...

Базарлык да бүттү. Ак көйнөкчөн Жакшылык суусаганын унутуп деле калган. Оозу делдейген кулагына жетип, басыгы шайдоот. Зууранын да көңүлү ток. Капчыгында өзүнө бир жоолукка, жолдошуна темир устарага анан кайтканга жетчү жол кире калган...

Бут кийим саткан катардан өтүп баратып, Жакшылык тык токтой калды. "Нике" деген жазуусу бар спорттук бут кийимди көзү чалып калган эле. Былтыр дене тарбия сабагында эки класстын балдары футбол ойноп, таманы тешилип калган "Абибасын" кийгенден уялып, туфличен барып алган Жакшылыкты мугалими оюнга киргизбей койгон. Ошентип Айзиректин көзүнчө өнөрүн көрсөтө албай калган. Классташы Аскат гол киргизгенде кол чаап жиберген Айзиректи бир карап, таманы жамала берип, желим сарыгып чыгып калган туфлисин бир карап, муштуму кантип түйүлө калганын өзү байкабай калган эле.

Жакшылык акырын башын көтөрүп, апасын жалооруй карады. Бирок "алып бер" деп айталган жок. Зуура сатуучуну карады.

⁃ 700 сом. Сизге 650 сомго берем...

"Мейли, эски жоолуктарым деле көп эмеспи. Атабызга да сакал куп жарашат. Шоопурлар деле өзүбүздүн айылдыктар, жаздырып коермун. Бирок дагы 150 сом керек... Балам, сен кийип көрүп, ченеп турчу, ээ. Мен азыр"...

Шашкалактап, базар аралаган элди жөөлөп отуруп, күркөнүн алдына келгенде гана демин басты. "Алтын, күмүш сатып алабыз"...

Жакшылыктын бактысына чек жок. Эми карап тур, балдардын баарын чимирилтип, оң капталдан, сол капталдан, башы менен сүзүп гол сокпосо элеби. Айзиректин кол чапканын ошондо көрөбүз. Кыялданып баратып, апасынын кулагындагы алтын сөйкө ордунда эмес экенин элес алган да жок.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт