Алименттин суммасын азайтса болобу?
2019.01.30, 17:23
1328
Саламатсызбы! Мага соттон "2883 сом төлөйсүң" деген алимент кагазы келиптир. Мен эч жерде иштебейм. Кантип төлөөрүмдү билбей башым катып жатат. Алименттин суммасын азайтса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.01.2019, 17:24
Нурислам Райимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, алименттин суммасын өзгөртсө болот. КРнын Үй-бүлө кодексинин 18 бөлүмүнүн, 124 беренесинде үй-бүлөлүк шартка байланыштуу тараптардын биринин талабы боюнча алименттен бошотуу же суммасын өзгөртүү көрсөтүлгөн.
Сотко кайрылсаңыз, ал тараптардын катышуусу менен биринчи чыккан буйрукту өзгөртүп берет.
0
Пайдалуу жооп