Кресло-коляска алуу үчүн кайда кайрылуу керек?
2019.01.10, 15:41
828
Кресло-коляска кимдерге берилет жана кайда кайрылуу керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.01.2019, 15:44
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
Урматтуу окурман, кресло-коляска ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 5 жылдык мөөнөткө акысыз берилет.
Кресло-коляска алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
- арыз;
- «майыптык кресло-коляскага муктаж» деген жазуусу бар медициналык социалдык эксперттик комиссиясынын (МСЭК) корутундусу.
- жашаган жеринен маалымкат.
0
Пайдалуу жооп