5 жылдан бери балалуу боло албай жүрөм
Саламатсызбы bilesinbi.kg сайты, менин суроом төмөндөгүчө. 5 жылдан бери балалуу боло албай жүрөм. Дарыгерлер жатындын түтүктөрү эки тараптан тең буулуп калган (непроходимость маточных труб) деген диагноз коюшкан. Өткөн жылдын 19-июнунда лапароскопия жасаткам. Дагы деле жылыш жок. Эмне кылыш керек? Кеңеш күтөм.
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Сизге жакшылыктардан үмүтүңүздү үзбөңүз демекчимин. Учурда медицина укмуштуудай тездик менен өнүгүп келе жатат. Биринчиден өзүңүз көрүнүп жүргөн гинекологго барып толук консультация алыңыз. Башка дарыгерге кайрылам десеңиз сиздин жана жолдошуңуздун бардык анализдерин көрсөтүңүз. Жатындын түтүктөру жабылып калса, ЭКО (Экстракорпоралдык уруктандыруу) жолу менен да төрөтүп жатышат. Кейибеңиз, сизге ден соолуук каалайм!