Жигитим кол көтөрөт
Саламатсызбы. 18 жаштамын, жигитим 22де. 2 жылдын бери сүйлөшөбүз. Акыркы убакта көп кызганчу болду. Кечээ болор-болбос нерседен улам бетиме чаап жиберди. Эртеси кечирим сурап, экинчи кайталанбайт деп убада берди. Ага ишенсем болобу? Эмне үчүн эркек аялга кол көтөрөт?
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт
Салам! Жигитиң эмитеден уруп жатса, андан нары аны менен бирге болуу маанилүүбү? Бир эле жолу берилчү өмүрдү кол кɵтɵргɵн, сыйлабаган адамга коротуу туурабы? Жылдар ɵтүп, ур-токмоктун айынан ɵзүңɵ же балдарыңа жардам бере албай калган абалга түшүп калуунун кереги барбы? Азыр ден-соолугуң чың, жаш кызсың, келечегиң алдыда.
Аялга бир жолу кол кɵтɵргɵн эркек ɵмүр бою сабайт. Жыйынтыгында, таяк жей берип чүнчүп кетесиң, тамакка табитиң жоголот, иммунитетиң түшөт, психикаң жабыркайт. Ден-соолугуң начарлап, кайра-кайра оорусаң, бир -эки балалуу болгондон кийин таштап кетиши да мүмкүн.
Изилдɵɵлɵр көрсөткөндөй, Кыргызстандагы жалгыз аялдар колониясында отурган айымдардын 75 пайызы күйɵɵсүнүн токмогунан коргоном деп кокустан ɵлтүрүп алгандар.
Андыктан, азыртадан мындай жигит менен мамилеге чекит кой. Келечекте сени сүйгɵн, баркыңа жеткен сүйүктүү адамыңды табасың деген үмүттөмүн.