Досум колоңсо жуктурду
Кичирээк кезимде курбумдун үстүңкү кийимин кийгем. Ошондо мага колоңсосу жугуптур. Азыр тердеген сайын жыттанып турат. Кандай жолдор менен арылса болот?
Мээрим Давлетова
Дерматолог
Суроо берүүчү, тер – суунун жана туздун аралашмасы, анда эч кандай жыт жок. Жагымсыз жытты жеке гигиенанын туура эмес сакталышынан улам пайда болгон - майда бактериялар жаратат.
Тердөөнү алдын алуу үчүн: бир күндө эки маал колтукту кадимки кир самын менен жууп, көп тердетүүчү синтетикалык жана чапташып турган кийимдерден алыс болуңуз. Мүмкүн болсо пахтадан тигилген, кенен көйнөктөрдү кийип, бактерияларга каршы самын жана гелдерди колдонууну адатка айлантыңыз.
Колоңсодон үй шартында арылуу жолдору бул жерде: https://bilesinbi.kg/article/173/