Бөлөмдү сүйөм
2018.06.06, 09:32
1184
Апымдын бөлөсүнүн кызына үйлөнсөм болобу? Бири-бирибизди аябай жакшы көрөбүз. Баш кошуп, бактылуу өмүр сүргүбүз келет.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.06.2018, 09:35
Мээрим Курманалиева
Дарыгер-генетик
Урматтуу окурман, туугандардын бири-бирине баш кошпогону туура. Жөнөкөй үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдардын майып төрөлүү ыктымалы жогору. Алсак, ата-энелери бир тууган болбогон күндө деле, алардын ата-бабалары бир. Чоң апасында же чоң атасында рецессивдик ооруну алып жүргөн ген бар болсо ал кийинки тукумдарына берилет. Рецессивдүү ген аркылуу берилген оорулар абдан көп, эң жаманы бала майып же өлүк төрөлүп калышы мүмкүн. Чечимди өзүңүз кабыл аласыз. Сизге ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп