Өз укугуңду сактай аласыңбы?
Аялзатынын иш оордундагы укутары кандай жана аларды сакташпаса эмне кылса болот?
Гүлбарчын Жумабаева
өспүрүм курактагы никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Кыргыз Республикасында аял же эркек дебей, Эмгек кодексинин беренелеринин баардыгы сакталышы керек. Эмгек кодексине ылайык жумуш берүүчү тарабынан кол алдында иштеген баардык жумушчуларга ден-соолугуна зыян келтирбеген жана коопсуз шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү. Ал эми аялдар үчүн дагы айрым өзгөчөлүктөр каралган. 303-беренесине ылайык. Кош бойлуу аялдарды иш сапарына жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашыкча иштөөгө, түнкү убактагы ишке, дем алыш жана майрам күндөрү иштөөгө медициналык тыюу салуулар болбогон учурда гана жол берилет. Аялдардын кош бойлуу болгондугу үчүн же балдары болгон үчүн ишке алуудан баш тартууга тыюу салынат. Эмгек кодекси менен толук түрдө www.minjust.gov.kg дарегинен тааныша аласыз. Кодекстеги талаптар аткарылбаган учурда өзүңүз жашаган райондогу сотко кайрылсаңыз болот.