Боюмдан кан кетип түшүп калат
Менин боюмда болот, бирок 4-5 жумалык болгондо кан кетип түшүп калат. Бул эмнеден болот? Кантип баланы толук көтөрүп төрөп алам? Азыркы учурда дагы кан кетип жатат, абалым оор.
Гүлзина Мадраимова
акушер-гинеколог
Азыркы учурда кан келип жаткан болсо тез убакытта гинекелогго көрүнүңүз. Себеп дегенде кичинекей убакта бойдон түшсө кан абдан көп кетип калышы толук мүмкүн. Сиз ооруканага кайрылып кылдат текшерилишиңиз керек, аз убакытта бойдон түшүү генден болушу ыктымал. Батыраак жолдошуңуз менен биргеликте ооруканга баргыла. Бойдон түшө берүүнүн бирден бир себеби ичтеги баланы чоңойтпой коюучу инфекциядан болушу ыктымал. Текшерилгенден кийин дарыланып бир нече ай сактанып анан балалуу болууга план коюуңуздар.