21 жашымда көзүмдүн тегереги майда бырышка толду
Жашым 21 де. Бетим аябай кургак болгондуктан көзүмдүн айланасына бырыш түшө баштады. Бырышты кетирүүчү көздүн тергерегине арналган кремдерди сүйкөйм жана күндө тоналдык кремдерди колдоном. Менин курагымда бырышка арналган кремдерди колдоно берсем болобу?
Надира Бейшеева
косметолог
Кургак бетке арналган атайын косметикалык каражаттарды колдонуңуз жана көп суу ичиңиз. Бетиңизди эч качан самын менен жуубаңыз, самын бетти кургатканга эң чоң көмөкчү. Бетти майландырып туруучу бет майларды колдонуңуз. Ал эми көзүңүздүн тегерегине сүйкөп жаткан крем сиздин жаш куракка туура келсе сүйкөй берсеңиз болот. Тоналдык бет майды дагы ушул эле шарт менен колдонсоңуз мүмкүн. Эгер бет майларды тандоону билбей жатсаңыз косметологго кайрылыңыз.