Кош бойлуу учурундагы депрессия
Мен учурда 22 жаштамын. Турмушка чыкканыма 9 ай болду. 6 айдан бери Москвада турам, жолдошум иштетпегенине байланыштуу үйдөмүн, 4 айлык боюмда бар. Үйдө отура берип жалгыз зэригип, депрессияга түшүп калган сыяктуумун. Жашоодогу максатымды, эмне каалап, эмне кылаарымды билбейм.
Айгүл Ысыкеева
психолог
Кош бойлуу болгон учурда көпчүлүк айымдар депрессия болот. Төрөгөндөн кийин дагы депрессияга кабылат. Мындай абал кадимкидей эле көрүнүштөрдүн биринен. Бирок депрессия болуу курсактагы бала үчүн зыянын тийгизип коёт. Биринчиден сиз өзүңүздү алаксытканга аркет жасооңуз абзел. Мисалы күлкүлүү кино көрүңүз, китеп окуңуз же шаар аралап сейилдөөгө чыгыңыз. Эгер сиз өзүңүзгө жардам бере албасаңыз жолдошуңуздан же жакындарыңыздан тартынбастан жардам сурашыңыз кажет. Мүмкүн жолдошуңуз сиздин депрессиядагы абалыңызды билбей жаткандыр. Ачыгын айтсаңыз жарыңыз дагы жардамын берээр.
Ал эми жашоодогу максатты табуу үчүн эмен кылуу керек?
Ак баракка ойлогон тилек, максаттарыңыздын баарын жазып чыгыңыз. Эгер сиз ойлогондой болбосо башка адамдар менен пикир алышып алардын максаты кандай экенин билсеңиз сизде дагы өзүнөн-өзү максат пайда болот.