Макулдугун бербей коёбу деп корком
Жактырган кызыма 3 жыл мурун whatsapp аркылуу жакшы көрөөрүмдү айтсам жооп берген эмес. Андан кийин анда-санда жазышып турам. Абдан жакшы кыз. Ата-энелерибиз бири-бирин жакшы тааныйт, куда түшсөк макул болушат. Бирок макулдугун бербей коёт деп коркуп жатам. Мен эмне кылсам болот?
Алина Сейдалиева
психолог
Жигит болгондон кийин биринчи кадамды, аракетти тартынбастан кылышыңыз керек. Кат (смс) аркылуу жакшы көрөөрүн билдирүү, жетишээрлик болбойт. Мамиле аркылуу, кадам таштоо менен гана сезимди билдирсе болот. Андыктан сиз жолугууга чакырып, ачык сүйлөшүңүз. Ачык айтуу оорчулук жаратса киного, паркка сейилдөөгө чакырып, белектерди берип, көңүлдүү маанай тартуулоого аракет жазап өзүңүзгө көңүл бурдуруңуз.