Билерик
Американын бейтапканаларында бейтаптардын колуна аттары жазылган белгилүү бир түстөгү билериктерди тагып коюшат. Билериктин түсү оорулунун абалын жана оорусунун мүнөзүн көрсөтүп турат. Мисалы кызыл түстөгү билерикти каза болгондорго тагышат.
Күндөрдүн биринде, түнкү нөөмөттө иштеп калган хирург оор операциясын жасап бүтүп, бир аз эс алып, морг жайгашкан бейтапкананын жер төлөөсүнө жөнөйт. Лифтке бир аял менен кошо түшөт. Лифт жер төлөөгө жетип, эшиги ачылганда лифтти күтүп турган башка бир аялды көрүшөт. Ал аял лифтке кирейин дегенде хирург тез ылдамдыкта эшигин катуу жаап, кайра өйдөңкү кабатка чыгаруучу баскычты басат. Жанындагы аял түшүнбөй калып, эмне болгонун сурайт. Хирург:
- Бул аялды мен жаңы эле операция кылгам. Бирок ал наркоздон чыга албай каза болгон. Сиз анын колундагы кызыл билеригин көргөн жоксузбу?- дейт.
Ошол маалда аял жылмайып, колун акырын көтөрүп туруп, минтет:
- Ушул сыяктуу кызыл билерикпи?