Азыркы маалда 30 жаштамын. Ата-энем мен кичинекей кезде ажырашып кетишкен, ошондон бери атасы жок чоңоюп өстүм. Атам болсо мени карабайт, башка үй-бүлөсүнөн бир баласы бар. Менин бар экенимди билсе дагы кабар алып келип койбойт. Ал эми айылдагы байкелер “Атаң болгондон кийин өзүң барып, жолугуп сүйлөш” деп айтышат. Бирок ал мага чоочун адамдай, эмне кылсам болот?