Алаканыма бир нече сөөл чыгып кетти. Кантип кетирсе болот?
// //
Алаканыма бир нече сөөл чыгып кетти. Кантип кетирсе болот?
Мээрим Давлетова
дерматолог
Сөөлдү ар кандай вирус козгойт. Ал оорулуу менен жолукканда, буюмдар аркылуу жугушу мүмкүн. Анын пайда болушуна теринин дүүлүгүшү, жараланышы, тердеши шарт түзөт. Кадимки сөөл адатта саргыч түстө болуп, учунда калың бүдүрчөлөрү болот. Ал акырындык менен гүлдүү капуста сымалданып өсүп, колго, салааларга, бетке, дененин башка жерлерийе чыгат. Кээде таманда да пайда болушу мүмкүн. Сөөлдү алдын алууда өздүк гигиена эрежелерин сактап, бут-колду таза алып жүрүү керек. Чоочун адамдын бут кийимин, байпагын, кол кабын, тырмак же сакал-мурут алуучу аспаптарын, сүлгүсүн жана башкалар буюмдарын пайдаланууга болбойт. Бут кийимди туура тандап кийген оң. Сиз үй шартында кылынуучу ыкмаларды колдоном деп күйгүзүп алышыңыз мүмкүн, ошондуктан врачка кайрылганыңыз оң болот.