Мен 13 жаштамын. Жыныстык органыман ак суюктук келет. Бул нерселердин коркунучу жокпу?
// //
Мен 13 жаштамын. Жыныстык органыман ак суюктук келет. Бул нерселердин коркунучу жокпу?
Бактыгул Абдраманова
Гинеколог
Азыркы учурда өспүрүм кыздарда жыныстык органдан ак суяктук бөлүнүп чыгуу оорусу көп кездешет. Оору кычышуу, жагымсыз жыт чыгуу менен коштолот. Ооруга жыныстык органдын сезгенүүсү жана цитрустук жер-жемиштерди, таттууларды ашыкча колдонуудан пайда болгон аллергия себепкер. Кыздар диетаны кармап, жеген тамак-ашын көзөмөлдөп турушу керек. Эгерде бул дартка чалдыксаңыз тезинен апаңызга айтып, гинекологго кайрылып, дарыланыңыз. Күчөп кетсе, ден соолугуңуз үчүн коркунучтуу.