Жолдошум менен ажырашканмын. Ортобузда 3 жашар балабыз бар. Балам менде. Учурда Алматыда ата-энемдин үйүндө турам жана ушул жерде базарда иштейм. Мени кыйнаган нерсе жолдошум Алматыга бизди аңдып келип менин тынчымды алып, анысы аз келгенсип иштебей жүрөт. Чогуу жашаганга аракет кылат. Бирок мен аны менен жашаганды каалабайм. Балам Алматадан бала бакчага барат. Ошол жерден баламды уруксатсыз алып кетип калат. Полиция аралашып көрдү, жыйынтык чыккан жок. Мен мыйзамдуу түрдө тынч, эрте кантип ажыраша алам? Алимент төлөөсүн талап кылам. Ошондой эле мени кыйнаган нерсе колубуз жетиштүү Бишкекте жана Алматыда турак-жай бар. Бирок ата-энем ичет. Алардын ичкендигинин айынан Алматадан полицияга көп барабыз. Биз КР жараны болгонубузга байланыштуу биздин укугубуз аз, ошондуктан акча аркылуу кутулабыз. Эми болсо бизди караган аймактык милициядан менде коркуу сезим жаралып жатат. Ал мага ар шылтоо таап чалып, аны менен жаман ишке баруумду кыйытып сүйлөйт. Эгер сиз түщүнсөңүз бир күн болбосо бир күн оозунан ошондой сөз чыкса мен кандай кылам? Ал адамдан кантип кутулам?