Балам 8-класста окуйт. 7-март күнү классындагы окуучулар отуруш кылмакчы болушат. Бирок чогула албай калышат. Жыйынтыгында күндүзгү маалда бир кыздын үйүнө жалаң кыздар гана чогулуп, отурушат. 5 эркек бала таттууларды алып барып куттуктап, нан ооз тийип эле үйдөн чыгып кетишет. Отуруш болуп жаткан үйгө кечки саат сегиздер чамасында милиция кызматкерлери келип, отурган 4 кызды кармап калышат. Эми бул иш бир жумадан бери бүтпөй, балдардын укугун коргоо эмес, тебелөө болууда. Милиция кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып балдарды чектен чыгара кысымга алып жатышат. Эне болгондон кийин коркот экенсиң. Милициялар барып балдарга түшүнүк кат жаздырып алышты. Түшүнүк катта отуруш болбогондугу көрсөтүлгөн эмес. Бирок куттуктап барган 5 баланы кайра-кайра эле суракка алып, каттоого тургузганга аракет жасашууда. Эмне кылышыбыз керек?