17 жаштамын. Бет теримдин кандай типте экенин билбейм. Кээде майлуу, кээде кургак. Мисалы, кечинде кургап калганынан майландыруучу бет май сүйкөсөм, эртең менен аябай май болуп калат. Кайра кургатуучу бет май сүйкөсөм бетим тартылып кургап калат, түшүнө албай койдум. Менин жаш курагыма жана бет теримдин тибине жараша бет май сунуштаңызчы.