Ажырашканыма 8 жыл болду. Бир кызым бар. Ажырашкандан бери эч ким менен жыныстык катнашта болгон жокмун. Көпкө чейин кошулбасаң, климакс болуп калуу коркунучу бар дешет. Бул чынбы?
// //
Ажырашканыма 8 жыл болду. Бир кызым бар. Ажырашкандан бери эч ким менен жыныстык катнашта болгон жокмун. Көпкө чейин кошулбасаң, климакс болуп калуу коркунучу бар дешет. Бул чынбы?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, климакс-бул аял кишинин жашоосундагы физиологиялык тепкич. Аны оору катары кабыл алуу-бул туура эмес түшүнүк. Бул баардык аялзатынын жашоосунда кездешет, ага алдын ала кам көрүү керек. Ал эми көптөн бери жыныстык катнашуу болбой калгандан климакс болот деген түшүнүк туура эмес. Жаныңызда эркек жок болсо психологиялык жактан жабыркайсыз. Болгону ошол.