21 жумалык кош бойлуумун. Буга чейин УЗИге 2 жолу түштүм. Негизи канча ирет түшүү керек?
// //
21 жумалык кош бойлуумун. Буга чейин УЗИге 2 жолу түштүм. Негизи канча ирет түшүү керек?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Сиз ушул убакытка чейин эки ирет УЗИге түшүп туура кылгансыз. Кош бойлуу айымдар 20 жумалык болгончокту эки ирет түшүшү шарт. 18-21 жумада дарыгердин көзөмөлүнөн сөзсүз өтүү кажет. Анткени, бул учурда баланын туура, кемтиксиз, оорусуз чоңоюп жаткандыгын көзөмөлдөө үчүн скрининг жасалат.