20 жаштамын. Жигитим бар. Быйыл күзүндө баш кошсок деген ниеттебиз. Бирок экөөбүз апам тараптан алыс туугандардан болуп кетебиз. Үйлөнсөк балдарыбыз нормалдуу болуп эле төрөлөбү?
// //
20 жаштамын. Жигитим бар. Быйыл күзүндө баш кошсок деген ниеттебиз. Бирок экөөбүз апам тараптан алыс туугандардан болуп кетебиз. Үйлөнсөк балдарыбыз нормалдуу болуп эле төрөлөбү?
Мээрим Курманалиева
Дарыгер-генетик
Урматтуу айым, жакшысы туугандардын бири-бирине баш кошпогону туура болот. Себеби мындай никеде жөнөкөй үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдардын майып төрөлүү ыктымалы жогору. Мисалга, төрт баланын бириси майып төрөлүшү мүмкүн. Алсак, ата-энелери бир тууган болбогон күндө дагы, алардын ата-бабалары бир. Чоң апасында же чоң атасында рецессивдик ооруну алып жүргөн ген бар болсо ал кийинки тукумдарына берилет. Рецессивдүү ген аркылуу берилген оорулар абдан көп, эң жаманы бала майып же өлүк төрөлүп калышы мүмкүн. Чечим өз колуңузда. Сизге ийгилик каалайм!