Эки жылдан бери айдоочулук күбөлүк ала албай жүрөм. Кантип алам?
Мен 2017-жылы 17-ноябрда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн атайын окута турган жерден окуп бүткөм. Анан экзаменден өтпөй калып, ушул убакка чейин 7 жолу экзамен тапшырып дагы да өтпөй келем. Акыркы тапшыргандан кийин, мурда окуган жерге барып 1 ай окуду деген справка алгам. Суроом мындай: мен дагы экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүк ала аламбы? Же ала албай каламынбы? Кандай шарттар менен алсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Ооба тапшыра аласыз, эгер жакшылап окуп, даярдансаңыз. https://grs.gov.kg/uploads/files/traffic_code_questions.pdf бул шилтеме аркылуу кирсениз экзамен учурунда сизге берилүүчү суроолор бар. Бул суроолорду жүктөп алып даярдансаңыз болот. Сиздин аркетчил инсан экениңизде менде эч күмөн жок.
Сизге ийгилик каалаймын!