AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
ЖРТдан аз упай алып ыйлаган классташтарымды көрүп жазган катым

ЖРТдан аз упай алып ыйлаган классташтарымды көрүп жазган катым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жаш окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен суроо деле бербейм, болгону бүгүн ЖРТнын жыйынтыгын угуп көңүлү чөгүп, маанайы түшүп отурган досторума кайрылайын дегем. Мен дагы бүгүн жыйынтыкты алдым. Өзүм каалаган баллдан бир аз төмөн болуп калыптыр. Маанай түшкөн жок. Себеби буга өзүмдү даярдагам.
 
Адам баарына даяр болушу керек. Бирде чөгөт, бирде учат бийикке. Чөккөн адам чабак уруп чыгып, жыгылган жерден туруп кетүүнү билбесе, ошол бойдон чөгө берет. Бирок бул жерде силерди чөгүп жатасыңар дегеним жок. Силердин, тагыраагы биздин жашообуз эми башталды. Ким өзүн жемелеп, ата-эне тууган-туушкандын астында өзүн ылдый сезип жатса, бул кылганыңар туура эмес дейт элем. Ооба, күтүп жаткан жыйынтык болбой калса капа болуу табигый көрүнүш. Бирок ыйлап, ошол жыйынтык жазылган барак үчүн көз жашыңарды төкпөгүлө. Алдыда дагы көп жолдор бар. Силер сөзсүз университетке өтүшүңөр керек деген нерсе жок. Биз адам катары бул жашоодо татыктуу жашап, ордубузду таап алуу эң маанилүү.

 
Ордун табуу, бул универде окуп, диплом алып, мамлекеттик жумушта иштөө эмес. Өзүңө жаккан иш менен адал ырыскыга ээ болуу, мына ушул маанилүү. Өзүңө жаккан иш менен алек болсо, азыр кесиптен көп нерсе жок. Бул жылы университетке өтпөй калса, ал убакытысын тил үйрөнүүгө жумшаса болот ж.б, өзүн өнүктүрүү үчүн курстарга жазылса болот. Ата-эненин, туугандар, мугалимдин мээсине сиңип калган бир нерсе — сөзсүз университетте окуу. «Баланчанын баласы тигиндей окууга өтүп окуп жатыптыр», бул эзелтен келе жаткан кулакка жакшы угулуп сиңип калган сөздөр. Бирок жашоо бул өзүбүздүн колубузда. Азыр колунда диплому бар, бирок ошону менен эле чектелип үйдө эле жүргөн, чет жерди көрбөй, аң сезими өзгөрбөй калган адамдар көп. Адам өзүн таап, кызыккан ишин жасоо бул дагы чоң талант, эмгек.
 
Эч качан өзүңдү кемсинтип, басынтпа. Башты көтөр да жолуңду ула. Жаратканы ар бир пендесине көтөрө алган гана жүктү артат. Тирүүсүңбү, демек, сөзсүз бир нерсеге жетесиң, алдыңда көп бакыт эшиктери бар, сени күтүп турган.
Бул сөздөрдү бүгүн жанымда ыйлап, көзү жашылданып адамды кошо ыйлаткан классташтарымды көрүп жазгым келди. Келечек биздин колдо, жашоо эми башталды, бир барак, бир жыйынтык эч качан жошоону чечпейт, чечкен да эмес. Жакындар айткан сөздү жүрөккө албагыла алтындарым. Өзүңдү өзүндөн башка эч ким жакшы түшүнбөйт. Канча уйкуңду, санааңды бөлүп, көз жаш төккөнүңдү өзүңдөн жакшы эч ким билбейт, сезбейт. Дегеним, азыр кээ бир ата-энелер жоошутуп соороткондун ордуна жемелеп, урушат экен. Убагында ЖРТ начар болуп калып, азыр бутуна туруп, жадакалса ошол «отличник» болуп жүргөн окуучулардан да жакшы жашап жаткандар четтен табылат.
 
Бир жаратканым сенин абалыңды жакшы билет жана дайыма колдойт. Жараткан бул дүйнөгө алып келген соң кароосуз калтырбайт. Жаратканым баарыңарды туура багытка салып, жолуңарды ачык кылсын!
 
Бул кичинекей катты ЖРТдан начар упай алып, маанай түшүп отурган досторго, туугандарга жөнөтүп коюңуздарды суранам. Адамдын көңүлү гүл, бир аз да болсо жардам болсун.
 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жол кирени QR-код аркылуу MegaPay’ден оңой жана ылдам төлөңүз!

Жол кирени QR-код аркылуу MegaPay’ден оңой жана ылдам төлөңүз!

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.