AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жөн эле ойлуу отурсам күйөөм "точно

Жөн эле ойлуу отурсам күйөөм «точно, бир нерсе болду, айтчы» деп боорумду эзди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жакында көз жара турган окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күйөөм мени эркелетет. Ашыкча эркелетет. Өзүмдүн апам «ай, балам, аны мынча эркелетесиң» деп, күйөө баласына болушат. Бул учурда күйөөм «сүйөм да, апа, сүйөм» дейт. 

Маанайым түшүп калса бултуюп сүйлөбөй коем. Бул жаман адат экенин билем. Бирок, азырынча арыла албай келем. Күйөөм эмне болгонун табыш үчүн кечке суроо берип жанымда отурат. Акыры чыдабай күлүп жиберем.

Ооба, мени эркелетип, өзгөчө жакшы көрүп өстүрүшкөн. Мүнөзүм оор. Айтканымдан кайтпайм. Өжөрмүн. Бир нерсеге жетем десем, сөзсүз жетем. Ар дайым өзүмдүн каалоолорумду биринчи орунга коюп көнүп калгам. Бул нерсе мага эч кандай зыян тийгизген жок.

Күйөөм «өзүңдүн оюң, көз карашың бар, ошонуң жагат» дейт. Балким, аныкы туура, ким билет.

Сүйөм. Мага кылган мамилесине ыраазымын. Көңүлүмдү карап турганын баалайм. Ар бир жылуу сөзү жүрөгүмдү ээритет. Сүйүү бар. Аны күйөөм күн сайын мага тастыктайт.

Ичимдеги баламды сылап терезени карап ойлуу отургам. Төрөт жакындаган сайын корко баштадым. Ар кандай видеолорду дагы көруп алгам. Ошолор дагы таасир берип жатат окшойт. Жумуштан келген күйөөм баары жакшыбы сурады.

— Ооба.

— Точно, бир нерсе болду, айтчы.

— Ай, баары жакшы.

— Жок, ойлонуп отурасың, бир нерсе болду.

— Жаным, баары жакшы. 

— Билбей эмне кылдым.

Эки жакка баса берди. Каткырып күлдүм. Аялзатынын маанайынан эле бир нерсе болду экенин билсе болот окшойт. Ишенбейт. Акырында, төрөттөн коркуп жаткынымды, ошону ойлонуп отурганымды айттым. 

— Коркпо, жаныңда мен турам дебедим беле.

— Киресиңби?

— Ооба, сени кантип таштап коймок элем. 

Ушул мамилеси үчүн сүйөм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Токсикоздун себептери жана аны жеңилдетүүнүн жолдору

Токсикоздун себептери жана аны жеңилдетүүнүн жолдору

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.