AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жетимиштен ашкан атам апама көйнөк алып бериш үчүн пол жууп иштейт

Жетимиштен ашкан атам апама көйнөк алып бериш үчүн пол жууп иштейт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Ата, а биз уялып жатпайбызбы?

— Кызым, мен бирөөнүн акчасын уурдаган жокмун. Ак эмгегим менен таап жатам.

— Ата, биз деле беребиз. Эмнеге биздин акчабызды албайсыз?

— Анткени, силер балдарымсыңар, а мен атамын.

— Ата, ошондо мектептин полун жууй берем деген турасызбы.

— Ооба.

— Ата!

Турмуш шартыбыз жакшы. Төрт бир тууганбыз. Баарыбыз тең соода тармагында иштейбиз. Байкелерим чет өлкөдөн товар ташыйт, эжем экөөбүздүн дүкөндөрүбүз. Ата-энебизге абдан ыраазыбыз. Бизге берген тарбиясы, билимдери менен ушул деңгээлге жетип отурабыз.

Бир жолу классташ кызыма жолугуп калдым. Анда атамдын мектепте пол жууп иштегенинен кабарым жок болчу. Тиги кыз ар дайым мага атандаша берчү.

— Кычырап машина минип жүрөсүң анан, атаң болсо карыганда тигинтип иштеп жүрөт.

— Эмне болуп иштеп жүрөт? Мен сени түшүнгөн жокмун.

— Мектепте пол жууп.

Айылдагы үйгө кантип жетип барганымды билбейм. Жолдон ватсаптагы группабызга жаздым. Байкелерим дагы артыман келип калышты. Атам менен апам бейкапар чай ичип отурушуптур. Пол жууп иштегени чынбы сурадык. Атам жай гана башын ийкеди.

— Ата, тыйын керек болсо биз деле беребиз.

— Каалаганыңызды кылабыз.

— Ата, сизди капа кылдыкпы?

Байкелерим болуп ызылдап жатып калдык. Атам бир саамга бизди карап турду дагы мындай деди.

— Мага кабатыр болгонуңарга чоң рахмат. Силерге ыраазымын балдарым. Бирок, мен силерден акча албайм. Апаңарга белек бериш үчүн балдарымдын кантип акча алмак элем. Мен аялыма көйнөк алып бергим келет же гүл бергим келет. Чогуу дагы канча жашайбыз билбейм. Күчүм барда, ден соолугум мүмкүнчүлүк берип жатканда жумуштан качпайм. Керек болсо, базарга барып араба түртсөм дагы, тыйынды өз мээнетим менен табам. Силерге дагы ак эмгегиңер менен тапкыла деп үйрөткөм. Аялыма өз акчама белек алып бере албасам, күйөө болгонум кайсы.

Баарыбыз уялып кеттик. Өзүбүздүн кур намысты, атамдын каалоорунан бийик койгонубузду түшүндүк. Кечирим сурадык. Анан чогуу отуруп алып апамдын отко кайнаган чайын ичтик.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мени күйөөгө бербей окуткан апама өмүр бою ыраазымын

Мени күйөөгө бербей окуткан апама өмүр бою ыраазымын

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.