AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жеңем группалашымды байкеме келген кыз экен деп салаттарын көтөрүп кетиптир

Жеңем группалашымды байкеме келген кыз экен деп салаттарын көтөрүп кетиптир

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

1-курсту бүтүп жайкы каникулда аталаш байкемдин үйүнө жардамдашканы баргам. Өздөрүнүн чакан азык-түлүк саткан дүкөнү бар. Жеңемдин иштери чыгып калган күндөрү балдарга баш-көз болуп дүкөндү карап калам.

Бир күнү жеңем балдарын алып төркүнүнө кетти. Байкемдин Бишкекте жумуштары чыгып шаарга сапар алды. Учурдан пайдаланып жакын группалаштарымды көлгө эс алып кетүүгө конокко чакырдым. Группалаш эки кызым келди. Коноктодум, көлгө түштүк, кургак кесме жасап жедик.

Эртеси бирөөсүн ээрчитип алып дүкөнгө келдим. Бирөөсү үйдө уктап калган. Түшкө жакын дүкөндү жаап коюп, үйгө келсек уктап жаткан курбум жок. Телефон чалсак шашылыш шаарга кетип калганын айтты. Берки курбумду вокзалга барып салып коюп үйгө келдим.

Байкемдер келгиче үйлөрдү жыйнай баштадым. Эмнегедир жеңемдин шкафы ачык, косметикалары жок. Кухняга келсем жеңемдин жактырган кымбат тефалынан дайын жок. Ойлорума көп нерселер келди. Акырын үйлөрдү жыйнаштырып койдум.

Кечке маал байкем шаардан келди. Тамак жасаганга жетишпей калганым үчүн салат ачайын деп складга кирсем салаттардын теңинен көбү жок. Курбу кызыма чалдым.

— Кандай жетип алдың? Сен уктап жатканда үйгө бирөө келген эмес беле?

— Бирөө калдыратып эле басып жүргөн. Аа эмне болду?

— Эч нерсе, жөн эле сурадым.

Ууру кирген окшойт. Эми жеңеме, байкеме эмне дейм? Жеңеме чалдым.

— Кандайсыз? Жеңе бүгүн үйгө келдиңиз беле?

— Ооба, эмне болду? Жактырбагансып жооп берди.

— Тиги курбуларымды конокко чакыргам, үйдөгү кээ бир оокаттар жок болуп жатат. Сиздин да косметикалар…

— Ахха-ха эмне сенин курбуң беле?

— Ооба, эмнеге күлөсүз?

— Мен аны байкең алып келген го десе.

— Жеңе байкем шаарга кеткенин айткан эмес беле?

Көрсө биз дүкөндө жүргөндө жеңем үйгө келиптир. Келсе эле берки курбум уктап жаткан болот. Байкеме анча-мынча таарынып төркүнүнө кеткен жеңемдин оюна башка нерселер келет. Анан жинденип керектүү оокаттарын чогултуп кайра кетип калыптыр.

Эртеси жеңем келди, шашпай кайра башынан айтып бердим. Кечинде тамакка олтурганда байкеме дагы айттык.

— Биз барда деле чакырсаң болмок да группалаштарыңды. Аз жерден аялы жок калтыра жаздадың. Мага ишенбейсиңби ыя байбиче?

— Эми үйгө келсем чоочун кыз жатса, оюма эмне келмек эле.

Каткырып күлүп эле тамактандык. Өөх, аягы жакшы болгонуна сүйүндүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм эмнеге машинасынын алдына отургузбай койгонун кийин билдим

Күйөөм эмнеге машинасынын алдына отургузбай койгонун кийин билдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.