AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жеңем байкеме бийлеп берээрин угуп таң калдым

Жеңем байкеме бийлеп берээрин угуп таң калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

— Кел чай ич.

— Рахмат жеңе аябай тойдум. Жолго чыгышым керек. Шаарга жеткиче кеч болуп калат.

— Сенден бир нерсе сурансам болобу?

— Ммм, болот.

— Эмкиде келгенде мага чыгыш бий костюмунун белге тага турган жоолугун ала келесиңби.

— Коюңузчу жеңе, тамашалап жатасызбы?

— Жок, тамашасы жок эле. Байкеңе бийлеп берсемби дегем.

— Аракет кылайын.

Сыртка чыгып алып жылмайдым. Жеңемдин бул өтүнүчү мен үчүн аябай таң калыштуу болду. Такси келип калды. Ошентип шаарга жөнөдүм.

Биринчи курстун студентимин. Эки бир тууганбыз. Жалгыз байкем өткөн жылы күзүндө үйлөнгөн. Той берип элден бата алдык. Айылда ата-энем менен турушат. Баса, жеңем мектепте музыка сабагынан мугалим. Жаңы келгенде көпкө бирге сүйлөшүп отура берер элек. Ошондо бийчи болгусу келгенин айтса керек. Анда бул сөздөрүнө көңүл  бурган эмесмин. Жолдо баратып эсиме түштү.

Байкем аябай боорукер. Апама, мага, жеңеме өзгөчө мамиле кылат. Майрамдарда ар дайым белек берет. Туулган күндөрүбүздү биринчилерден болуп куттуктайт. Себепсиз гүл тартуулаганды жактырат. Кыскасы, жүрөгү таза романтик жигит.

Өзүм жатаканада жашайм. Дем алыш күндөрү айылга барып турам. Барган сайын жеңем менен байкемдин сүйүүсүнө суктанып келем. Тамашалашып жөн сүйлөшүшпөйт. Бири-бирине “мамалагым”, “жарымым” , “аппагым”, “боорукерим” деп кайрылышат. Сюрприз жасаганды жакшы көрүшөт. Жайында суу чачышып ойношсо, кышында байкем жеңемди карга жуунтат, же бирге муз тебишет. Экөөнүн жаш баладай жоруктарын көрүп ата-энем күлүшөт. Үйүбүздөгү атмосфера аябай сонун. Ошон үчүн ар бир дем алышта айылга жөнөйм.

— Эже, бул канча сом?

— Костюм толугу менен 1500, жоолугу өзүнчө 500 сом болот.

— Мага жоолугун бересизби?

— Эмне чыгыш бийине кызыгасыңбы?

— Мен эмес жеңем.

— Жеңем?

— Ооба, жеңем. Рахмат. Жакшы калыңыз.

Кийин менин да үй-бүлөм жеңем менен байкемдикиндей болсо экен деп тиленем. Аларда баары бар: сый-урмат, түшүнүү, жылуулук, эң негизгиси сүйүү.

— Жеңе, табыңызчы, мен сизге эмне алып келдим?

— Алтын кыз десе, чын эле алып келдиңби?

Бетимден өпкүлөп аябай сүйүндү.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Телефонум чырылдаса дароо аялымды карайм

Телефонум чырылдаса дароо аялымды карайм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.