AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Желекти кайтарган солдаттар куурчак экен деп ойлогом. Боор эзген окуялар

Желекти кайтарган солдаттар куурчак экен деп ойлогом. Боор эзген окуялар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Бардык нерсенин биринчиси кызыктуу болот эмеспи. 
Бүгүн окурмандарыбыздын Бишкек шаарына биринчи жолу келгендеги күлкүлүү  окуялары менен бөлүшөбүз. Көңүлүңүздү көтөрүп, бир жылмайып алыңыз. 

Күлкүлүү кофта

Негизи англис тилин үйрөнгөн жакшы болот экен. Мен 16 жашымда айылдан келип, базардан бир кофта алып кийип жүргөм. Анан аянтты көздөй жөө жөнөдүм. Жолдо кетип баратсам эле мени көргөн эл утуру эле күлөт же артыман жымыңдап коет. Анан кечке аянтты айланып, кеч болгондо эжемдин үйүнө келдим. Алар да мени карап күлүп жиберишти. Эмне болду десем токтоно албай күлүштү. Анан чыдабай ыйлап жибердим. Эжем өзүнө келип калганда, “көкүрөгүңдө эмне деп жазылып турат” деди. “Билбейм, англисче го” дедим. “Которуп берейинби” деп дагы токтоно албай күлө берди. Акыры «kiss my ass» дегенди билемби сурады. Жок десем, «менин көтөнүмдү өп» деген сөз” деп эжем күлдү. Анан түшүндүм, Бишкектин баары мени карап күлгөнүн. Азыр 31ге чыктым. Бирок ошол нерсени дагы эле унутпайм. jeanna0050506

«Каякта ручкасы?»

Маршруткадан түшөрдө кармагычын таппай, айдоочудан «каякта ручкасы» десем, «сыртында» деди. Элди каратып туруп колумду айнектен чыгарып сыртынан ачып чыгып кеткем. Көрсө айдоочу прикол кармап айтыптыр. Эшикти жапкан кармагычынын алдында экен да. talantbekovna__

Саат «один» болду

Бишкек келдим. Орусчам нөл деп кой. Колумда саат. Троллейбустан орус аял саат сураса, орусча билгендей эле “один” дедим. “Что” десе, “один, один” деп коём. Күйөөм “час”  деди, тиги аял “аа, спасибо” десе баш ийкеп коём. Күйөөм канчага чейин шылдыңдап жүрдү. Ошондон кийин саат тагынбай калгам. aizadamisirkanova

Эки этаж Бишкек

Бөкөнбаевдагы көпүрөнү көрүп алып, “ай ий, Бишкектин экинчи этажы бар экен, ал жерде кандай болду экен” деп көпкө чейин таң калып жүрчү элем. Жөө адашып көпүрөдөн ылдый түшкөндө деле түшүнбөйм,  экинчи этажы деле биринчиге окшош турбайбы деп. Азыр ошону ар кимге айтып күлөм. shirinibraeva92

Жеңеме же аялыма?

Подземкага түшүп, курбум экөөбүз открытка тандаганбыз. «Любимой жене» дегенди кыргызча окуп, “иии, жеңеме да открытка алып койсо болот экен” деп сүйүнгөм. Анан жетти, жеңе эмес, келинчегиме деп жазылып турганы. duishembaevasamanta

Фонтан

Өзүм 11ди Бишкекте эле бүткөм. Бирок жалгыз центр жака чыгып көргөн эмесмин. Сиңдим аянтка барып келели деп калды. Анан ага жетпей филармониядан түшүп калып адашып кеттим. Сиңдиме мени алып кет деп ыйлагам. Жанымда эмнелер бар экенин сураса, фонтан атылып турат деп коём. absrmnv

«Плов»

Бир күнү жумушка күрүч сатып келишиптир. Эки орус аял алдыман чыгып калса болобу. Соодагер адамды таппай жатышса, кыйын болуп “плов ищите” деп коём. Экөө “что, что” десе, кайра кайталап айтып коём. “Рис что ли” десе,  “да, да” деп абалдан чыгып кеткем. Экөө жарылып калды. p.s.j.11

Куурчак солдаттар

Студент болуп Бишкеке жаңы келген кезим. Желекти кайтарган солдаттар куурчак деп тамашалап айтышса ишенип алыпмын. Барып карап турам жалдырап. Көзүн кыймылдатса, көзү кымыйлдап жатат деп кыйкырып жатам. saltanat8036

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

«Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы», деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

«Мугалимдер бизден кечирим сурагыла». Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бел суусу бир мүнөткө жетпей түшкөн эркектер үчүн пайдалуу маалымат

Бел суусу бир мүнөткө жетпей түшкөн эркектер үчүн пайдалуу маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.