AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жээриген күйөө балам карыздарымды төлөп берди

Жээриген күйөө балам карыздарымды төлөп берди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бул нерсеси жакпайт деп так айта албайм, жалгыз кызымды кызгандымбы, айтоор, башынан эле жаман мамиле кылчумун. Аталап жаныма келсе ары басып кетем. Үйүнө конокко чакырса барбайм. Жолдон жолугуп калса көрмөксөн болуп коем.

Кызым экинчи курсунда турмушка чыккан. Али жаш экенин айтып каршы болгом.

— Башыңды айлантып алган окшойт.

— Ата, бир эле жолугуп көрсөңүз, мыкты жигит экенин дароо түшүнөсүз.

— Эмне үйгө алып келейин деп жатасыңбы?

— Ооба, апам экөөң менен тааныштырсам …

— Токтот, ата-энесин жиберсин.

Аялын кучактагандан уялган эркектин баяны

Кудалар жөнөкөй адамдар экен. “Айтканыңыздын баарын аткаралы, биринчи келинибиз”,-деп, алдыма түшкөнү атайын тээ алыскы айылдан келишти. Сүйлөшүп, той күнүн белгиледик.

 

Той. Кызымды бетинен өптүм. Күйөө баламды кучактаганга жараган жокмун.

Экөө тең студент. Жумуштары жок. Шаарда батирде турушат. Батирге чыкканга чейин бир ай биздикинде болушту. “Күч күйөө балам кана?», эртең менен чайга отурганда эле асылып баштайм. Унчукпайт. Ар дайым “ата, жакшы уктап турдуңузбу?” – деп келип учурашат.

Турмуштарына кийлигише берем. Качан үйүнө барбайын уруш чыгарып келем.

— Өмүр бою батирлеп жүрөсүңөрбү? Кызымды бага албагандан кийин эмне алдың?

— Ата, жумуш таптым, буйруса айлыгы жакшы. Окууңду бүтөрүң менен кел дешти.

— Жомокторуң менен башымды оорутпачы.

Көп нерсени айтпай эле коеюн. Эстеген сайын уялам. Кээде биз деле ката кетирет экенбиз. Өкүнүчтүүсү, бул нерсени убагында түшүнбөгөнүбүз.

Үйдү ремонттойм деп, байбичем кой десе болбой олчойтуп кредит алдым. Убагында төлөй албай пайызы көбөйүп кетти. Аны жабам деп үстүнө дагы бирди алдым. Жаба алган жокмун. Банк бир айдан кийин үйдү бошоткула деди.

Дос-туугандардан бир тыйын чыккан жок. Убагында менден сурашканда бере салчумун, эми минтип ишим түшкөндө баары кайдадыр качып кетти. Бир эле адам калды. Күйөө балам.

Жакшы фирмада иштейт. Үй алам деп чогултуп жүргөн акчасы менен карыздарымдын баарын жаап берди. Бетин карагандан уялдым. “Ата акча табылат, көп кабатыр болбоңуз”, — дегенде көзүмөн жаш акты. Кызым мыкты жигитке турмушка чыкканын ошондо билдим.

“Убагында сени жээрип, көңүлүңдү көп ооруттум. Эми минтим мени колдогон жалгыз сен калдың. Сенин мынчалык адамгерчиликтүү экениңди билбепмин. Атаңды кечир уулум!”

 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Фермер Кенжебек Качкынбаев 800 кг эт берген уйларды кантип алганын айтып берет

Фермер Кенжебек Качкынбаев 800 кг эт берген уйларды кантип алганын айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.