AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жасалма контрацепция: презерватив

Жасалма контрацепция: презерватив, мини-пили, спираль

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчисинин орун басары Жамийла Усуповадан күтүүсүз кош бойлуулуктан сактоочу жасалма каражаттар жөнүндө сурады.

Күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануунун эки ыкмасы бар: табигый жана жасалма. Бүгүн мен силерге жасалма контрацепциялардын артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө айтып берем. Ал эми табигый сактануу жолдору тууралуу бул жерден окуп алсаңар болот.

 

Бойго бүтүрбөөчү таблеткалар

Артыкчылыктары. Ишенимдүүлүгү жогору, жеткиликтүү жана жөнөкөй. Айыз циклин көзөмөлдөөгө жана жөнгө салууга жардам берет, этек кир келген учурдагы оорутууну жана кан жоготууларды азайтат. Таблеткаларды ичүүнү токтоткондон кийин, организм бойго бүтүрүү жөндөмдүүлүгүн тез арада калыбына келтирет.

Кемчиликтери. Күн сайын ичип турбаса бойго бүтүп калат. Баш ооруну, жүрөк айланууну жана башка симптомдорду пайда кылышы мүмкүн. Сейрек учурда, ашыкча салмактуулукка алып келет. Жаңы төрөп, эмчек эмизген аялдарга алты айдан кийин гана ичүү сунушталат.

Спираль

Артыкчылыктары. Жогорку натыйжалуулукка ээ. Бир жолу 5 жылдан ашуун убакытка салынат. Эмчек эмизүүгө таасирин тийгизбейт. Алып салган соң, бойго бүтүү жөндөмдүүлүгү тез арада калыбына келет.

Кемчиликтери. Аял толук текшерүүдөн өткөндөн кийин гана дарыгер тарабынан коюлат. Инфекция киргизүү, жатындын сыртынан бойго бүтүү коркунучун жогорулатат. Жатын көңдөйүнөн түшүп калышы ыктымал. Өзгөчө, биринчи жылы ичтин төмөн жагы ооруп же көп өлчөмдөгү айыз келип, аз кандуулукка чалдыктырышы мүмкүн.

Контрацептивдик пластырь

Артыкчылыктары. Натыйжалуулугу узак убакытка жетет (айына 1 жолу чапталат), күн сайын колдонууну талап кылбайт. Гормондор тери аркылуу акырындап сиңирилет. 

Кемчиликтери. Пластырь чыгып кетиши, ошондой эле апликация чапталган жер аллергия болушу мүмкүн. Жай мезгилинде дененин ачык бөлүктөрүнөн көрүнүп калат. Этек кир ортолоп калганда баш ооруну, кан аралаш агындыларды пайда кылышы ыктымал.

Мини-пили

Артыкчылыктары. Эмчек эмизген энелер колдоно алат. Оортуп келген айызды, фиброздук-кистоздук мастопатияны, эндометриозду дарылоочу касиетке ээ. 

Кемчиликтери. Күн сайын ичүүнү талап кылат. 

Презерватив

Артыкчылыктары. Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардан коргойт, колдонууда жөнөкөй, жеткиликтүү, рецептсиз сатылат.

Кемчиликтери. Жыныстык катнаш учурунда айрылып же жылмышып кетиши мүмкүн. Сексуалдык сезгичтикти төмөндөтөт. Аллергияны козгошу ыктымал.

Спермициддер

Артыкчылыктары. Узак убакыт бою колдонууга болот. Контрацепциянын башка түрлөрү менен жакшы айкалышат. 

Кемчиликтери. Куйгандан кийин ар бир жыныстык актынын алдында 10-15 мүнөттүк аралыкты сактоо зарыл. Жыныстык катнаш аяктаганда, жыныс мүчөнү ошол замат жуубаш керек. Жыныс кынынын былжыр челдери дүүлүгүшү же химиялык каражатка аллергия козголушу мүмкүн.

Контарцепциянын ылайыктуу түрүн тандоо үчүн дарыгерге кайрылып кеңеш алгандан уялбагыла! 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялым менен бир позада жата берип тажап кеттим. Сексолог кеңеш берет

Аялым менен бир позада жата берип тажап кеттим. Сексолог кеңеш берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.