AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Жалпы тарых” деген эмне?

“Жалпы тарых” деген эмне?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Орус имперализми 

«Мындай кырдаалда келечектин эң жакшы картинасы – тарыхтын жалпы сүрөтү. Биздин жалпы тарыхыбыз. Баары чогуу болгондо, Жеңиш күнү, параддар болгондо, орусча дагы, украинче дага үйрөтүлгөндө». Бул Путин режиминин негизги пропогандачыларынын башында турган Маргарита Симоняндын жакынкы эле сөзү. Бул тууралуу Симонян украин армиясы Кремлдин Украинага каршы аскерий агрессиясы башталган күндөн бери орус армиясы басып алган украин шаарлары менен аймактарын масштабдуу бошотуу операциясын баштаганда жазган. Бул сөз эмнени билдирет жана ал эмне үчүн коркунучтуу. Чечмелейбиз. 

“Жалпы тарых” деген эмне? 

“Жалпы тарых” деген ырастоо — Кремлдин жана көптөгөн орус жарандарынын империализми. Бул манипуляция Советтер Союзун романтикалаштыруу, мурдагы колониядардын ага болгон “сүйүүсүн” кармап туруу, ал турсун аны артыруу максатында колдонулат.

Пропаганда мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр колония болгон эмес деп биздин мээбизге сиңирип келди. СССР — бул чоң, ынтымактуу үй-бүлө болгон жана аны анын эбегейсиз экономикалык ийгиликтерине жана гүлдөп-өсүшүнө ичи күйгөн душмандар кыйратышкан деген пропоганда азыркыга чейин катуу иштейт. Бирок СССР терең экономикалык кризистин айынан кыйраганын пропаганда бизге айтпайт.

Албетте, сиздин өлкөңүздүн колония болгонун моюнга алганга караганда, “мен чоң империянын бөлүгү болгом” деп ойлогон алда канча жагымдуу. Ошондуктан, кыргыздардын көбү, мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн башка жарандары сыяктуу эле, Кыргызстан колония болгон эмес деп ырасташат. Бул күчтүү манипуляция куралы. Жыйынтыгында, улуу муун эле эмес, эгемендүү Кырыгзстандын атуулу болуп төрөлгөн кыргыздар да Советтер Союзун кайра жаратууну кыялданып, романтикалашат.

СССР — империалисттик түзүлүш болгон 

Маалымдама: Колония (лат. colōnia “конуш”) – бул башка мамлекеттин (метрополиянын) карамагындагы, көз карандысыз саясий жана экономикалык бийлиги жок, өзгөчө режимдин негизинде башкарылуучу көз каранды аймак. Мында метрополиянын жарандары колониянын жарандарына караганда алда канча көп укуктарга ээ болуп, бардык жагдайда жогору турат. Ошол эле учурда колониялык аймактарда дагы метрополиянын жарандары жергиликтүү калкка караганда көбүрөөк бийликке жана артыкчылыктарга ээ. Колонияларды түзүү империалисттик мамлекеттердин таасирин кеңейтүүнүн негизги куралы болуп саналат.

Подкаст: Мамлекеттик казына кимдин акчасы?

Википедиядагы бул кыска шилтеме СССР тең укуктуу катышуучу өлкөлөрдүн биримдиги эмес экенин так  көрсөтүп турат. Бул империалисттик мамлекет болгон, мында Россия СФСРи метрополия болсо, калган 14 өлкөнүн баары анын колониясы болгон.

Формалдуу түрдө СССРдин колониялары болбогонуна жана Советтер Союзунда император институту түзүлбөгөнүнө карабастан, бир катар тарыхчылар СССРдин саясий системасында империяга мүнөздүү өзгөчөлүктөр болгон деп ырасташат. 20-кылымдын айрым солчулдары советтик саясатты социал-империализм деп аташкан.

Саясий имперализмден турмуштук имперализмге чейин 

Орус жарандарын көбү бардык постсоветтик өлкөлөр дагы эле Орусиянын курамында деп ишенишет. Мындам улам, орус тили пир тутулуп, посоветтик өлкө жарандары аны билбей турган болсо орустар тарабынан уяткарылат.  Орус тилин билгиси келбегендер нацисттер катары кабылданат. Буга Украиндагы согуш анык далил. А чынында СССРдин мурдагы колониялары үчүн өз тилин, маданиятын жана тарыхын кайра жаратуу – бул азыркы Россиянын кызыкчылыктарына эч кандай тиешеси жок болгон улутчулдук.

Тарыхта көптөгөн империалисттик түзүлүштөр орноп, көптөгөн өлкөлөр колония  болгон. Бирок Орусия империялык үстөмдүгүн кайра кайтарууну каалаган жалгыз метрополия деп айтса болот. Симоняндын жана ага окшогондордун “ келечек болгон турган жалпы тарых” жөнүндө билдирүүсү мына ушундан келип чыгат.

Кыргызстан колония болгонун, СССР эч кандай тең укуктуу катышуучу өлкөлөрдүн биримдиги биримдиги болбогонун аңдап, кабыл алуу маанилүү. Болгону 14 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан 70 жыл бою Орусиянын колониясы болуп келген тарыхый мезгил бар. Муну кабыл алуу бизге өткөндүн келечек боло албастыгын түшүнүүгө жардам берет.

Бул жерден башка макалаларды окуңуз:

национализм ≠ национализм

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

Баары биз ойлогондой эмес

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Күйөөсү жок деп

Күйөөсү жок деп, тойго чакырбай калышты. Ажырашуу жөнүндө 5 окуя

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.