AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Жалгыз корозумду сатып сүйгөн кызыма шоколад алып бергем

Жалгыз корозумду сатып сүйгөн кызыма шоколад алып бергем

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Эх сүйүү, сүйүү! Сен үчүн тоокторума жаман көрүнгөм. Апамдын чыбыгын эстеген сайын жамбашым зыркырайт. 

Алтынчы класс элем. Мектептин эң тентеги мен. Эртең менен ак көйнөк кийгизип жиберген апам, түштө кара көйнөк менен тосуп алат. Апамдын чыбыгынан башка эч кимден коркпойм. Апам, “ай, балаңды кой десең боло” десе, атам “мен деле ушундай болчум, бирөөнү сүйсө токтолот”,- деп каткырып күлүп коет. “Ваай ата, сүйбөйм”, — деп керсейип сыртка чыгып кетем. Айтоор, тентек, эрке баламын.

Досторум “ал кызды алсаң, туугандары кой сойдуруп сынайт” деп коркутушкан

Жамийла, Жамийла… Кайдан биздин мектепте которулуп келе калдың. Сонун жашоомду буздуң, авторитетимди түшүрдүң. Эң негизгиси сен үчүн дакен корозумдан айрылдым. Аны атам велосипедине алмашып келди эле. Бул нерсени билбедиң.

Алма алып келсем да, апамдын бапестеп өстүргөн гүлдөрүн үзүп берсем да, кошунаңдын чоң дөбөт итинен өткөрсөм да, сумкаңды көтөрсөм да жакпадым. Жаныңда айланчыктап жүрүп баарына күлкү болдум. Өзүм “красавчик” эле жигитмин. Эмнем жакпады экенин түшүнө албай койдум. Көзүңө көрүнөйүн деп жакшы окуп, концерттерге катыша баштадым. Сага арнап ыр ырдасам кол чапканга жарабадың.

“Б” класстагы Жуманды башкача карайт элең. Чындыкты мойнума алгым келген жок. Бир күнү мени да ошентип карайт деп күтүп жүрдүм. Карабадың.

14-февраль. Апаман акча сурасам бербей койду. Анткени күн мурун эле алгам. Болочок келиниңизге шоколад алам десем бермек, бирок чындыкты айткан жокмун. Көптөн бери корозума кызыгып жүргөн 11-класс Бекенге бардым. Бекен короздорду  уруштуруп акча тапкан жигит. Ошентип, 60 сомго короз кетти. Тоокторум ыйлаган боюнча калды.

Ал учурда бул чоң акча эле. Жадакалса, мугалимдерибиз жебеген шоколад алдым. Берсем курбуларың менен бөлүп жеп койдуң. Жообуңду сурадым, “жок” деп шарт бурулуп басып кеттиң.

Сүйбөгөнгө сүйкөнбөй эле коеюн дедим. Мурда сени күнөөлөчүмүн. Бирок сен мага эч нерсе убада берген эмессиң. Өзүмдүн күтүүлөрүмдү сага артып койгонум үчүн уялдым. Тескерисинче сага рахмат. Сен үчүн жакшы окуп баштадым. Сен мени адам кылдың. Атамдын айтканы чын экен.

Эскертүү! Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Экинчи күйөөмө жолуктурган

Экинчи күйөөмө жолуктурган, биринчи күйөөмө рахмат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.