AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Януш Корчак: Бала бул майрам

Януш Корчак: Бала бул майрам, азырынча сенин колуңдагы майрам

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Януш Корчак – польша элинин чыгаан инсаны, улуу педагог, жазуучу, дарыгер жана коомдук ишмер. Ал үч ирет өз өмүрүн сактоодон баш тарткан. Биринчи жолу Польша оккупацияга алынганда ага Палестинага качууну сунушташкан. Бирок балдар үйүнүн директору балдарды калтырып кете албастыгын билдирген. Экинчи жолу Варшава шаарындагы геттодон качып чыгуу сунушуна макул болбой койгон. Үчүнчү ирет балдар үйүндө тарбияланган бардык чүрпөлөр газ камерасына кирээрде немец офицери Янушка келип сураган:

  • Сиз “Король Матиуш” китебин жазгансызбы?
  • Ооба
  • Мен бала кезимде окугам. Аябай сонун китеп. Сиз кете берсеңиз болот. Бошсуз.
  • А балдарчы?
  • Балдар калышат. Бирок сиз кете берсеңиз болот.
  • Жаңыласыз. Мен балдарды таштап кете албайм. Элдин бардыгы силердей митаам эмес.

Януш балдар менен бирге газ камерасына кирген. Өлүм күтүп турганын билбеген балдарга боорукер директор жомок айтып отурган, деп айтылат.

Bilesinbi.kg балдарга тарбия берүүдө Януш Корчактын 10 осуятын сунуштайт.

  1. Баланын сага окшош болушун, же сен каалагандай болушун күтпөгүн. Балаңдан өзүңдү издебе. Андан көрө ага өзүн табуусуна жардам бер.
  2. Баладан сен ага жасаган жакшылыгың үчүн жооп кайтаруусун талап кылба. Сен ага өмүр тартууладың, ал кантип сага ыраазычылыгын билдирмек эле? Сенин балаң башкага өмүр тартуулайт, анын баласы кийинкисине. Ыраазычылык деп ошону бил.
  3. Жашоого болгон таарынычыңды баладан чыгарба. Карыганда катуу нан жеп каласың. Кандай дан эксең ошонун түшүмүн жыйнап аласың.
  4. Балаңдын көйгөйүн шылдыңдаба. Тагдыр ар бир пендеге алына жараша жук берет. Баланын жүгү ал үчүн сеникинен кем эмес, чоңураак да болушу мүмкүн. Анткени анда тажрыйба жок.
  5. Кемсинтпе!
  6. Адамдын эң олуттуу жолугушуулары – бала кезиндеги жолугушуулар. Балдарга көбүрөөк көңүл бургула. Бул бала келечекте ким боло турганын биз билбейбиз.
  7. Бала үчүн бир нерсе жасай албай турсаң, жаныңды кыйнаба. Бирок эсиңде болсун, эгер колуңан келген бардык аракетиңди көрбөсөң, демек сен жетишсиз иш кылдың.
  8. Бала — бул бийликти, сенин бүтүндөй жашооңду тартып алган катаал эзүүчү эмес. Бул сага сактоого берилген кымбат баалуу кумара, андагы отту тутандырып, жөндөмдөрүн өстүр.
  9. Бөлөк баланы жакшы көрө бил. Өз балаңа жасабай тургандарды өзгөнүн баласына да жасаба.
  10. Сенин балаң кандай болбосун – таланты жок, ийгиликсиз, алсыз, чоңоюп калган, баары бир жакшы көргүн. Бала менен сүйлөшкөнүңө кубан. Анткени бала бул майрам, азырынча сенин колуңдагы майрам.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Маалымат бул жерден алынды.

Бала канчалык жаман окуса аны ошончолук мактоо керек

Кыздарды тарбиялаган энелер кетирген жанылыштык

Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген жанылыштыктар

Бул сөздөрдү эч качан балаңарга айтпагыла

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.