AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Уул тарбиялап жаткан ар бир эне буларды билүүгө милдеттүү

Уул тарбиялап жаткан ар бир эне буларды билүүгө милдеттүү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Психолог Карлыгаш Акимкулова уул тарбиялап жаткан энелер биринчи кезекте эмнелерге көңүл бөлүшү керек экенин Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.

Уул баланын апасы болуу бул өзгөчө сезим, бир чети бакыт, бир чети жооперчилик. Уул менен кызга тарбия берүү айырмаланабы? Албетте, айырмаланат! Кыздар апапларынан үлгу алышат, ал эми эркек балдар атасынан. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок аталар ар дайым эле балдарынын жанында боло бербейт. Жумушунан кеч бошойт, башка өлкөгө кеткен, же болбосо бирге жашашпайт. Мындай учурда апалар уулуна кандай тарбия бериши керек?

  1. Эч качан баланын атасы жөнүндө жаман сөз айтпаңыз. Бул анын намысына катуу тиет. Атасы менен мамилеңер аябай начар болсо дагы, баланын жеке сезимин ойлоңуз. Уулуңуз атасы жөнүндө кандай пикирде болот жана экөөнүн мамилеси кандай болот бул анын гана чечими. Себеби, анын атасын сиз тандагансыз, а бала өз атасын тандай албайт. Өзүңүздүн жек көрүүңүздү таңуулабаңыз.
  2. Апасы эч качан атанын ордун ээлей албайт. Ошондуктан аталык тарбия бере албайсыз. Себеби, сиз аялсыз. Сиздин максат аны өзүнө ишенген, эрктүү, эмгекти сүйгөн, айланадагылар менен мамиле курганды билген мырза кылып тарбиялоо.
  3. Бала кезинен өз алдынча чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүк бериңиз, жана ал кабыл алган чечимин сыйлаңыз. Ооба, бул ыңгайсыз, ооба, сиз канткенде жакшыраак экенин билесиз. Тил алчаак, ыңгайлуу, айтканды жасаган бала, ээрчиме, айдатма, эрки жок болуп чоңоет. Ошондой эле уулуңуз кабыл алган чечими үчүн жоопкерчиликти да сезсин, каталарын көрүп, экинчи кайталабаганга же оңдогонго үйрөнсүн.
  4. Атасынын берген тарбиясын сыйлаңыз, кийлигишпеңиз. Ар дайым атасын сындап, жамандай берсеңиз, эркек баланын өзүнө болгон ишеними жоголот.
  5. Апасы өзүнүн тарбиясы жүрүм-туруму менен эркектер кандай болушу керек экенин үйрөтө албайт. Бирок, апасы аны чексиз сүйгөн, сыйлаган, жана ар дайым колдоо көрсөткөн аял кандай болушу керек экенин көрсөтө алат. Эркек балдар чоңойгондо энесине окшош кызды тандайт эмеспи.

 

Кыздары бар ар бир ата буларды билиш керек макаласын бул жерден окусаңыз болот. 

Балдарды кантип ойнотуу керек. Психологдон 10 кеңеш. Бул жерден окуңуз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
ТЕСТ: Кыргызстанды канчалык деңгээлде жакшы билесиз? Өзүңүздү сынап көрүңүз

ТЕСТ: Кыргызстанды канчалык деңгээлде жакшы билесиз? Өзүңүздү сынап көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.