AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Тузу жок нандарды тамдын башына ыргыткам. Келиндердин боор эзген окуялары

Тузу жок нандарды тамдын башына ыргыткам. Келиндердин боор эзген окуялары

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынан жаңы келин болуп келген күнү эмнеси менен эсте калганын сурады. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Баса, боор эзген баяндарды толугу менен бул жерден окуй аласыз. 

Кызыл чай

Абысыным келип «кайын агаңа чайды кызыл кылып көптөн куюп берчи» деп калды. 20 күндөй жүрдү окшойт, күндө кыпкызыл, челкилдете чай куюп берем. Бир күнү кызуу болуп келип ”мага азыраак, анан агыраак куюп берчи» десе болобу. «Сизди жеңем кызыл ичет деди эле го «десем,  “ал күнү ичим өтүп аткан» деди. zhoroeva_89

Аш

Жаңы келин болуп барганда аш бышырып салып келдим. Демделген чайды куюп берип, кайра демдеп келип, отуруп эле тамактан алып жей баштадым. Курсак өлө ачкан экен. 2-3 кашык алгандан кийин карасам эч ким жебейт. Көрсө кайын атам этти туурап жатыптыр. Анан үстүнө эт салып «кана алгыла» десе болобу. Бетим кызарганын айтпагыла. samara950529

Уктум

Молдо нике кыйып жатып “туттуңбу” десе, мага “уктуңбу” дегендей угулган. “Уктум” десем, күйөөм күлүп “туттуңбу деп жатат” деди. А мен үйдү жаңырта “ой, уктум” дедим. Күйөөм “туттум деп айтышың керек” деди. Анан мен камырабай, “ооба, ошондой” десем боору эзилгиче күлгөн. asdfg123976

Күйгөн кирпик

Газ плитага шорпо ысытмак болдум. Бассам тырсылдап күйбөйт. Жакын барып карай калсам эле балп этип эле күйүп кетти. Өстүргөн кирпигим менен кашымдын жарымы жок. Islamdokdu

Төгүлгөн күрүч

Мен жаңы келин болуп барып аш демдейм деп, күрүчтү жууп жатып төгүп алгам. Кайын сиңдим сары май көтөрүп келаткан экен, мени шылдыңдайм деп жатып майын төгүп алды. Анын артынан дагы бир кайын сиңдим шакарап көтөрүп келаткан экен, экөөбүздү шылдыңдайм деп жатып өзү шакарапты төгүп алды. Үчөөбүз каткырып күлүп жатсак, кайын энем “айнанайын, эмне болдуңар” деп келип калган. mamnurgiza

Тапчан

Досторкон үстүндө кайын атам, кайын апам, кайын сиңдилерим болуп чай ичели деп отурганбыз. Бир маалда тапчандын четине отуруп алган экенмин, чалкамдан жыгылып түштүм. Аябай уялгам. mikabaianasova

Даяр жоолук

Күйөөм үйдөгүлөрүнө мени “арык, өлчөмүн билбейм, келатып кийинте келем” деп айтыптыр. Базар кыдырып халат менен ак жоолук алдык. Кийинип үйүнө келсем,  “келин келди” деп жоолук издеп калышты. А мен болсо өзүм  “мына” деп бергеним эсимде. Artisbekovakyiall

Тузу жок нан

Мен келип болуп барганда, кайын энем, күйөөм, анан мен эле болчубуз. Өз үйүмдө көп киши жашайт элек. Көп тамак кылып көнүп калган жаным бир казан тамак жасап, бир жума жегенбиз. Кайын энем «нан жаап коесуңбу» деп конокко кетти. Нандын тузун аз салыпмын, тандырдан баары куюлуп түшүп калса болобу. Төрт эле нан калган. Түшүп калган нандарды коркконумдан тамдын башына ыргыткам. Алар жабышып катып калса керек, карга, чымчыктыр күндө той кылган. Кайын энем таш ыргытып кубалайт дейсиңер. atomydili

Каз

Мен келин болуп баргандан ушул убакытка чейин бир каздын эркеги аркаман калбай кууйт. Азыр деле айылга барсак кууй берет. Кайын атам “келиним келатат” деп күлүп калат. Кээде күйүгүп чуркап келсем, бейкапар “сенби” деп коет. elibvna

Юбка камыр

Камыр жайганды, анан күрүч басканды билчү эмесмин. Колго камыр жаяйын десем эле кыйшыйып калат. Кайын энем жайса тегерек болот кооз болот. Анан колго камыр жаярда, “апа, сиз жайыңызчы, меники юбка болуп калат” деп уялбай эле апама берип коет элем. Апам 65те болчу, “юбка болуп калабы” деп күлүп жая берет эле. Ошентип, алтыным апам камыр жайганды, аш басканды үйрөткөн. Өмүрүңүз узун болсун апа. subanbekova.m

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

«Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы», деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

«Мугалимдер бизден кечирим сурагыла». Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Аяк бошотор" деп кандай адамды айтат? Кыйындыгыңызды тест менен далилдеңиз

"Аяк бошотор" деп кандай адамды айтат? Кыйындыгыңызды тест менен далилдеңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.