AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Түркия: жердешине алданган кыздын окуясы 2

Түркия: жердешине алданган кыздын окуясы 2

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Башталышы  

Ошентип жатаканага келдик. Акчамды төлөп, майда-чүйдөгө деп 300 доллар таштап кетти. Кечинде чалып акыбалымды сурады. Болгон окуя такыр оюмдан кетпей койду. Бир туруп сүйүнсөм, кайра ыйлагым келет. Ошентип, уктап калдым.

Эртеси өзүм телефон чалдым, «Аби, жардамыңыз үчүн сиздин касапканаңызга (мал союлчу жай) бекер иштеп берейин» десем макул болду. Түштө келип алып кетти. Барсам, Сириядан качып келген үй-бүлө 3 баласы менен иштеп жатыптыр. Мен дагы аларга кошулдум. Бардык жерди жыйнап, кечкиге тамак жасадым. «Аябай таза, элпек кыз экенсиң» дешти. Үй-бүлөдөй болуп калдык. Күлүп-жайнап жумушубузду бүтүрөбүз, кечинде бирге тамактанабыз.

Бир күнү цехке сымбаттуу жигит кирип келди. Түштөнүүгө дасторкон даярдап жатканбыз. Аби «бул менин уулум, аты Енес» деп тааныштырды. Экөөбүз тил табышып кеттик. 

Бир жолу куймак бышырганга жумуртка калбай калыптыр. Сатып келейин десем шаарды жакшы билбейм, айла жок Енеске айттым. Барбайм, дегенине карабай жибердим. Кечке күтсөм жакын арада келчүдөй эмес. Эшикте тооккана бар болчу. Кирип барып жаткан тооктордун алдынан издей баштадым. Акыры бир тоокту тырпыратып кармап алып катуу кыссам, жумуртка чыгып кетти. «Оо кудай» деген үндү угуп, артымды карасам Енес досу экөө мени таң калып карап турушат. Аңгыча атасы келип калды. Болгон окуяны айтып берип, эки саат күлдүк. 

Айнооруз токтосоң, тиги кыргыз эже эмне болду?

Ааа, аны унутуп калыпмын. Чалып жатты. Блокко салып койгом. Ошол күндөн бери көрө элекмин. 

Азыркы дүкөн ошол эжең тааныштырган кишиникиби?

Ооба, мен ал жердин администраторумун. Жаман ойлобоңуз, баарына ак эмгегим менен жеттим. Алар менин чынчылдыгымды, кандай жумуш болбосун жеңимди түрүп алып киришкенимди, ачык мүнөзүмдү жактырышты. Касапканада иштедим, кийин дүкөнүнө башчы кылды. 

Мен сизди сатуучу экен дегем (күлүп).

Мен жумуш ылгабайм. Кээде өзүм сатам, полун деле жууп жиберем. Кайда жүрбөйлү аткарган ишибиздин майын чыгара жасап, элдерге жакшы мамиле кылсак баары жакшы болот экен.

Жакында Енеске турмушка чыгам. Аби Енес менен ата-энемдин алдына барып кадимки кыргыз салты менен куда түшүп, сөйкө салышкан. Учурда мен аябай бактылуумун!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Орус тилин үйрөнөм дегендерге кеңеш

Орус тилин үйрөнөм дегендерге кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.