AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Тукумсуз экеним билингенден кийин ажырашууну сунуштаган аялымды сыйлайм

Тукумсуз экеним билингенден кийин ажырашууну сунуштаган аялымды сыйлайм

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тукумсуз экенимди биринчи укканда эч ишенген эмесмин. Дарыгер калп айтып жатат, менде баары жакшы, башкасына барам, деп ызалангам. “Тукумсуз” деген сөздү беш жолу уккандан кийин моюнума алдым.

Мээрим экөөбүз сегиз жыл чогуу жашадык. Ал 22, мен 23 жашымда баш кошконбуз. Бутка туруп алалы, үй салалы, жакшы жашоо куралы деп тытынып жүрүп, балалуу болууну деле көп ойлонгон жокмун. Жубайым бала жытын эңсеп жүргөнүн айтса, “азыр эрте, кичине кое туралы” дечүмүн.

Мээрим аябай балалуу болгусу келчү. Байкемдин, эжемдин балдарын көргөндө эзилип калчу. Үйгө балдарын таштап кетсе алар менен ойногондон, курсагын тойгузуп, эркелеткенден тажачу эмес.

Койгон пландар ишке ашты. Үч жыл дегенде үй салдым, машина алдым, кичинекей бизнес баштап койдум. Эми балалуу болсом болот.

Бирок Мээримдин боюнда болбой жатты. Ооруканага барып, көрүнүп жүрдү. «Сен дагы келишиң керек экен, экөөбүз тең дарылансак жакшы болот деди», деп ар ай сайын атат. «Менде баары жакшы, өзүмдү эң мыкты сезем, карасаң мен ооруган кишидейминби» деп кутулам.

Бир күнү жумуштан келсем жаркылдаган Мээримим жок. Кабагы бүркөлгөн, көзү шишиген.

— Эмне болду?
— Эч нерсе.
— Эми айтчы, эмнеге ыйладың? Бирөө бир нерсе дедиби?
— Биз балалуу боло албайт окшойбуз.

Бул сөздү толтура жолу уккам. Мээрим балалуу болуунун баш кошконубуздан бери каалачу. Көп балалуу болууну кыялданып, канча кыз, канча эркек болорун дагы пландап койгон. «Кызымдын каштары сеникиндей болсо» деп кыялданчу.

Көр оокаттын айынан убакыттын өткөнүн байкабай деле калыпмын. Ортодон беш жыл өткөндө Мээрим менен текшерилүүгө бардым. Биринчи анализдин жыйынтыгы “тукумсуздук” деп чыкты. Ишенген жокмун. Кайра тапшырдык, кайра эле ошо.

Андагы сезимдеримди айтып түшүндүрө албайм. “Тукумсуз” деген сөздү уккан өзү тозок экен. Мен буга чейинки кылган аракетимдин баары болочоктогу балдарым үчүн эмес беле. Эми Мээримимди кыялдары эмне болот?

Жашоом мурдагыдай болбой калды. Үйүбүз караңгы, мурдагыдай шаттык жок. Баары эле мени аягандай. Боору ооруп, мага бала жөнүндө сүйлөгөндөн тартынышат. Бир гана Мээрим мени аяган жок. Мурдагыдай эле мамиле кылат. Бир гана өзүнүн кыялдары тууралуу айтпай калды.

Бир күнү досторум менен жоолуктум. Үйгө келсем жубайым уктабай күтүп жатыптыр. 

— Экөөбүз ажырашалы. Кыялдарымды кыянаттыкка чаба албадым. Канча жолу аракет кылдым, бирок күн сайын балалуу болгум келген сезим күчөп барат. Мен көп балалуу болгум келет. Сени жакшы көрөм. Жүрөгүмдө өмүр бою өзгөчө орунда каласың. Мага тартуулаган сүйүүң үчүн чексиз ыраазымын. Мен сени менен бактылуу болдум. Бирок, сени кыйнап, эки жүздүү болуп жашагым келбейт. Мен сенин жанында боорум ооруганым үчүн эмес, сени сүйгөнүм үчүн калгым келген. Аттиң, андай болбоду. 

— Мен сени туура түшүнөм. Ажырашам дегениң, жаман көрөм дегениң эмес экенин билем. Мен сенден бир гана жакшылыкты көрдүм. Ар дайым колдоп келдиң. Өзүм дагы бул тууралуу сөз баштай албай тургам. Билесиңби, мени аяп, кыялдарыңа балта чаап, «күйөөсүн таштап кетти» деген элдин сөзүнө кирбеш үчүн жанымда жүрүүнү чечсең сени сыйлабай калмакмын. Азыр сага болгон сыйым, сүйүүм эки эсе күчөдү. Өмүр бою могу жүрөгүмдө жашайсың. Бир нерсе болсоң, кыйналсаң бир сөзүң жетиштүү. Дароо жаныңа жетип барам. Бир ушуну билип кой. 

Экөөбүз бир топко кучакташтык. Ыйладык. Анан чогуу отуруп тамактандык. Мээрим кеткенге даярдангыча, карап олтурдум. Үйүнө жеткирип коштоштум. Ошо менен артымды караган жокмун. Билесиңерби, өзүм менен аябай сыймыктандым. Анткени, сүйгөнүмдүн кыялынын орундашына себепкер болдум. 

Тааныштарым, туугандарым Мээримди жек көрүп калышты. Мени аяшып, жолуккан жерден жамандашат. Мен «Стоп! Ал тууралуу бир дагы жаман сөз айтпагын. Ал менин сүйгөнүм. Балалуу болгусу келди. Мен анын чечимин сыйлайм. Күчүнө, эркине баа берем. Силерге окшоп мени аяган жок. Кандай болсом ошондой кабыл алды. Өзүнүн каалоолорун биринчи орунга койду. Силер ошенте аласыңарбы? Сүйбөгөн адамыңар менен чыдап жашайсыңар, жаман көргөн кишиңерге жылмайып сүйлөйсүңөр. Ошондо ким эки жүздүү?» деп коргоп турам. 

Баса, азыр Мээрим эне болгон. Анын бактылуу жүргөнүн көрүп мен сүйүнөм. Кээде алыстан көрүшүп калабыз. Бири-бирибизди жылмайып карап коебуз. Көздөрү баягыдай эле жылуу. Эң жакын адамым бойдон калганын сезем. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Карызга берген акчаңызды алалбай калбаш үчүн буларды билиңиз

Карызга берген акчаңызды алалбай калбаш үчүн буларды билиңиз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.