AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрт балам бар экенин билген кайын энем башыма жоолук салбай койгон

Төрт балам бар экенин билген кайын энем башыма жоолук салбай койгон

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Талант экөөбүз кафеде тамактанып отурганбыз. Апасы чалды. Айткандары угулуп жатты.

— Ай, желмогуз! Кыз таппай калдыңбы? Эрден чыккан катынды эмне кыласың?

— Апа, мен баары бир айтканымдан кайтпайм.

— Башыңды айлантып алган да. Дөөрүбөй отур. Атаң сүйлөшөм дейт. Үйгө кел.

— Барбайм. Баягы күнү сүйлөшкөнүбүз жетет. Бир жумадан кийин алып барам. Тосуп албасаңар өзүнчө жашай беребиз.

— Элге шерменде кылдың! Сүйүүң менен куруп кет!

— Апа!

— Бизге небере керек. Бирди төрөгөндөн кийин аның карып калат. Же эмне, бирөөдөн тапкан төрт баласын алдыбызга салып бергени турасыңбы?

— Апа, мен Гүлназды сүйөм. Кандай түшүнбөйсүз!

Апасы телефонду басып койду. Унчуккан жокмун. Түшүнүп турам. Бир да эне үйлөнө элек уулуна төрт баласы бар келинди алып бергиси келбесе керек.

Таланттан жети жаш улуумун. Күйөөм каза болуп калган. Төрт балам бар. Улуусу бешинчи класс. Өзүм чакан тигүү цехин иштетем. Турмушка чыгайын деген деле оюм жок болчу. 

Жайында бир фирмадан форма тигүүгө буйрутма түштү. Кабыл алдым. Ишкананын жетекчиси менен жолугуп, деталдарды сүйлөштүк. Буйрутманы убагында бүтүрдүк. Алып кеткени эки жигит келди. Бирөөсү Талант болчу.

Экөөбүз эски тааныштай бат эле тил табышып кеттик. Баары качан башталганын билбейм, бири-бирибизден ажырай албай калдык. Башында сезимдеримден уялдым. Талант менен болгон мамилемди ата-энемден жашырып жүрдүм. Жадакалса, балдарымдын алдында өзүмдү күнөөлүү сездим.

— Талант, эмнеге келдиң?

— Ата-энеңден колуңду сураганы.

— Азыр эмес дебедим беле.

— Мен сени менен болгум келет.

— Ата-энеңчи? Жалгыз уулуна мендей аялды ыраа көрөбү?

— Ал өзүмдүн ишим.

Атам экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Тоскоол болгон жокмун. Акыры экөөнү тең макул кылып кетти.

Айылга түндө кирип бардык. Дене боюм дүркүрөп жатты. Босогосун аттар замат алдыман кайын энем чыкты. Акшыя карап коңшу бөлмөгө кирип кетти. Жанындагы аялдар мени көшөгө тартылып турган бөлмөгө алып киришти. Ызы-чуу башталды. 

— Эже, коюңуз антпеңиз.

— Салбайм жоолукту! Шерменде десе! Уялбай кирип келгенин.

— Жалгыз уулуңдун тапканы экен. Өзү келди дейсиңби.

— Кой Майраш, антпе, жүр.

— Барбайм, чыгып кетсин көзүмө көрүнбөй!

— Майраш, ачууга алдырып балаңан айрылып калба!

Ачуу сөздөрдү угуп эки саат бир бөлмөдө жалгыз отурдум. Акыры кайын энем келип жоолугун салып чыгып кетти.

Айылда көпкө турган жокпуз. Шаарга келип батирге чыктык. Ар жуманын аягында кайын-журтуман кабар алганы айылга барабыз. Цехке жакшы материал келгенде атайын кайын энеме деп көйнөк тиктирип көтөрүп алам. Мага болгон мамилеси баягындай эле суз. 

Бир күнү барсак, кайын энем мен тигип берген көйнөктү кийип жүрүптүр.

— Балдарың жакшыбы?

— Жакшы апа.

— Эмкиде ала кел.

— Макул.

Кийинки жумада төрт баламды жетелеп бардым. Кайын атам менен кайын энем алар менен божурашып отурушту. Өзгөчө тили жаңы чыгып келаткан кичүү кызым баарынын боорун эзди. Кокустан, кайын энем чай ичип отурган балдарыма “биз силердин чоң ата, чон апаңар болобуз”,- деди. 

Учурда улуу балам студент. Каникулга чыкса эле, «жардам берип келейин деп айылга чоң энесине» жөнөйт. Кичүүлөрү аны ээрчип таарынышат. Талант экөөбүз эки кыздуу болгонбуз. Балалуу үй базар болуп эле жатып калдык. 

Азыр ойлосом, баарына Таланттын өжөрлүгү менен туруштук бериптирбиз. Эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Талант ар дайым мени коргоп, мен тарапта болду, «сени жана балдарыңды бактылуу кылам» деген сөзүнө турду. Колумду катуу кармаган бойдон кое берген жок.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Той өткөргөн кошунам 125 литр шорпосун көчөгө төгүп коюпт

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Күйөөмдүн артынан сарайга барып

Күйөөмдүн артынан сарайга барып, көргөн көзүмө ишенбедим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.