AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрөтүмө катышкан күйөөм башкача адам болуп өзгөрүп кетти

Төрөтүмө катышкан күйөөм башкача адам болуп өзгөрүп кетти

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Ушундай болушу керекпи?», «Ушинтип оорутабы?», «Катуу ыйынган жокпу?»…

«Ай, байке тажаттыңыз, ары туруңузчу!» Медайым акыры чыдабай кетти. Күйөөм баарын тажатып жиберди. «Канча сантиметр ачылат дагы ?» деп, улам сурай берип акушерден дагы уруш укту. Айласыз күлдүм.

Башында төрөткө катышпай деп жаткан. Анда бейтапканага барбайм, бала сеники дагы деп көшөрүп туруп алдым. Суу агып баштаганын көргөндө макул болуп мени менен жөнөдү.

Нерв болуп тырмактарын баарын жеп бүтмөй болду. Толгоом келген сайын бакырсам кулагын жаап, тизелеп отуруп алат. «Ай, колун кармап дем күч бербейсизби» деп медайым тынчын койбойт. Экөө тил табыша алган жок. Ары-бери басам деп инструменттерди дагы түшүрүп алды. Дагы уруш укту. 

«Иий, ыйын, аз калды, чыда…» Акушер төрөтүмдү кабыл ала баштады. Күйөөм колумду кармаган бойдон артын карап турду. Байкуш коркконунан титиреп, тердеп чыкты. Ыңаа-аа, ыңаа-аа! Ыңаа-аа, ыңаа-аа! Наристебиздин үнү. Ага кошулуп мен ыйлайм, мага кошулуп күйөөм ыйлайт. Бир маалда эси ооп жыгылды. 

Баламды төшүмө коюшту. Атасына дагы койгула деп сурандым. Жанымда кушеткада жарым жан болуп жаткан күйөөмө алып барышты. Төшүнө койсо, ыйлап, дагы эси ооп калды. «Ай, назик неме экен күйөөң, киндигин кестирбей эле коелу, дагы ээси ооп калат» деп, жанагы медайым күлдү. 

Түнү менен достору менен жүргөн, көп нерсени этибарга ала бербеген баягы күйөөм жок. Жумушунан эрте келип, мага кол кабыш кылчу болду. Кызын өзү алып, жалаяктарын которуп кадимкидей жардам берет. «Сен кыйналдың, мен эле жасап коем» деп көп айтчу болду. Көз карашы дагы олуттуу болуп калды. Келечек тууралуу сүйлөп, бир нерселерди кыла баштады. Кайын-журтум, атам менен апамдар дагы анын өзгөрүп калганын айтышты. Оор басырыктуу болуп, мени аяп калды.

Кызыбыз үчкө чыкты. Атасына аябай жакын. Жумуштан качан келет деп күтүп отурат. Мени кадимкидей атасынан кызганат. 

— Жаным, Назикти бала бакчага берели?

— Эмнеге? Бербейм, өзүм карайм деп жатпадың беле?

— Эми жетишпейм го…

— Эмне болду? Баары жакшыбы?

Ичимди сылап, күйөөмдү жылмая карадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бойдон алдыргандан кийин төрөбөй калабы? Тесттен өтүңүз

Бойдон алдыргандан кийин төрөбөй калабы? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.