AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрөтканадан "кыз болсо үйгө келбе" деп бакырган күйөөмдүн сөзү жашоомду бурду

Төрөтканадан «кыз болсо үйгө келбе» деп бакырган күйөөмдүн сөзү жашоомду бурду

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

— Ай ким эле бакырып жатат?

— Кимдин күйөөсү?

— Кимдики?

— Иий, уяты жок немего…

— Эмне дейт?

Палатадагылар ызы-чуу болуп чыгышты. Көзүмдөгү жашты катуу кармап чыгарбай, билмексен болуп сыртка чыгып кеттим. Ичимдеги өрттү билсеңер кана. Ал менин күйөөм болчу.

Ар бир кыз турмушка азыркыдан дагы бактылуу болом деп чыгат. Мен дагы алардын катарында элем. Бирок, эки эсе бактысыз болдум. Мен кимге чыгып жатканымды билбептирмин.

Кайын энем экөө кошулуп, мени жакшы эле ыйлатышты. Жан дүйнөмдө соо жер калбады. Балким, ошонун айынан, ичимдеги балам мөөнөтүнө жетпей сыртка чыгам деп баштады.

«Мага уул керек! Эркек болбосо үйгө келбе!» Таксиге салып жатып ошентип айтты. Айдоочу байке таңкалып калды. Жолдо баратып, «кызым, кызымдай эле кыз экенсиң, сен жакшы жигитке татыктуусуң, өзүңдү басмырлаба» деди. Ичимдин ооруп жатканынан унчукпадым. Ал улам терең үшкүрүп, жеткиргенден кийин колумдагы 120 сомду албай кетип калды. 

Кечинде келди. Ушинтип бакырды. Мен ыйлап коридордо отурдум.

Башкы врач эртең кесарево болорумду айтты. Кабар ага да жеткен окшойт жанымда бир аз отурду. 

— УЗИ жасаттың беле?

— Ооба.

— Ким экен?

— Кыз.

— Тигиге айткан эмес белең.

— Жок, үйдөн кууп чыкмак. 

— Кыз болгону жакшы болуптур, бактылуу кыз болот. Анын бактысы сенин колуңда.

Туруп кетти. Улгайган эле байке экен. Ыраазы болдум. Менде бир адамдын бактысы үчүн жоопкерчилик бар экенин унутупмун. Эмнеге кор болуп жүрөм?

Таңкы төрттөрдө кыздуу болдум. Үнүңөн сенин берекем. Кош келдиң.

Кызымдын келечеги үчүн мен баарын өзгөрттүм. Бир заматта. Байкем менен жеңем алып чыгып кетмей болушту. Кызымды кучактап, пакетимди даярдап коюп отурсам, жанагы врач байке келди. Кайда барарымды сурады, жообумду угуп «азаматсың, эч качан кеч эмес, баарын башынан башта» деди.

Алыста турган досунун машинасын көрдүм. Байкем пакетимди багажка салып жаткан. Алыстан карап туруптур. Кызымды катуу кучактадым дагы, колумду булгап коштошуп, машинага отуруп кетип калдым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Ажырашкандан кийин кайра жарашууну чечкен жуптар үчүн маалымат

Ажырашкандан кийин кайра жарашууну чечкен жуптар үчүн маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.