AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу эң көп берилчү 7 суроо

Төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу эң көп берилчү 7 суроо

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бул суроолорго гинеколог Джамиля Салиева жооп берди.

  1. Төрөттөн кийин кайсы процедураларды жасоо зарыл?

Эң негизгиси — бул төрөттөн кийин 40 күн өткөндө гинекологго, орто медициналык персоналга жана төрөттөн кийинки патронаж жасоочу адиске көрүнүү. Дарыгер менен андан аркы репродуктивдүү пландарыңыз тууралуу сүйлөшөсүз, контрацепция ыкмасын тандайсыз.

Эгер аял киши кийинки алты ай үзбөй баланы эмизсе, бул лактациялык аменорея деп аталып, ал учурда контрацепция керек эмес. Бирок аял кандайдыр бир себептерге байланыштуу эмизүү этаптарын өткөрүп жиберсе (түнкүсүн эле эмизет же тескерисинче күндуз эле эмизет, сүтүн саап берет), андайда лактациялык аменорея иштебейт. Кош бойлуулуктан сактануу тууралуу ойлонуу керек.

Негизи аял төрөт үйүндө көз жаргандан кийин эле 10-15 мүнөттүн ичинде спираль салдыруу мүмкүнчүлүгүн колдоно алат. Же болбосо төрөттөн кийин 2 күндүн ичинде салдырса болот. Бул тууралуу үй бүлөлүк дарыгер, орто медперсонал же төрөттөн кийинки патронаж жасаган адис айтып берет.

Богок безинин патологиясы бар айымдар, төрөттөн кийин 2 ай өткөндө богок безин текшерүүсү зарыл.

Ошондой эле гемоглобиндин деңгээлин көзөмөлдөп туруу керек. Анткени, апасынын гемоглобини төмөн болсо, бала толук кандуу тамактана албайт. Энеге темир жана йод преапараттары жазылат. Мунун бардыгы дарыгер менен талкууланат.

  1. Эпидуралдык анестезия энеге же балага зыянбы?

Эгер жалпы наркоз менен эпидуралдык анестезиянын зыян келтирүүсүн салыштыра турган болсок, биринчисинде эне менен бала үчүн коркунуч көбүрөөк келтирилет. Анестезиологиялык коркунучтар эндотрахиалдык наркоздо кыйла жогору. Бардыгы клиникалык кырдаалдан көз каранды: кээде “эпидуралка” туура болсо, айрым учурда наркоз берген оң.

  1. Кесареводон кийин кайра качан бойго бүтүрсө болот?

Колдон келсе 3 жылдан кийин. Бул төрөттөрдүн ортосундагы интергенетикалык интервал — деп аталат. Үч жылдык мезгил аралыкты кесарево жолу менен төрөгөндөн кийин өзгөчө сактоо зарыл. Кийинки кош бойлуулукта көйгөйлөр жаралбашы үчүн кесилген жери айыгып, тигилиши жакшы бүтүшү керек.  

  1. Төрөттөн кийин канча убакытта жыныстык жашоону баштаса болот?

40 күндөн кийин. Төрөттөн кийин жатындын жыйрылып калыбына келиши ушунча убакытка созулат. Башкача айтканда, төрөт учурунда ымыркайдын чыгып кетүүсү үчүн жатындын моюнчасы 10 сантиметрге чейин ачылат. Төрөттөн кийин ал кайра нормалдуу абалына кайтышы керек. Себеби жатындын моюнчасы жана цервикалдык каналдын былжыры инфекциялардан коргоочу барьер болуп саналат.

Ага чейин жатын ачык болуп, бул ачык жаратка окшош. Инфекция кирүү коркунучу өтө жогору.

  1. “Разрыв” болбой төрөсө болобу?

Болот, жана так ошондой болууга милдеттүү. Кантип, деген суроо жаралат. Мисалы, Бишкекте болочок энелер үчүн бир нече мектеп бар. Ал жактан кош бойлуулукка жана төрөткө даярдашат. Адистер спорттун кандай түрү менен машыкса болот, төрөткө кантип даярдануу керек, кантип дем алуу, ыйынуу зарыл  экенин айтып беришет. Ооба, төрөт процесси кыйын, абдан оорутат, аялдар кыйкыра башташат, ыйынып жаткан учурда “айрып” алышат.

Теринин индивидуалдуу тургору (теринин чоюлчаактыгы, тартылуусу) – деген түшүнүк бар. Ар бир аялдыкы ар кандай болот. Биринин териси жакшы чоюлса, экинчисиники андай эмес. Андан тышкары ымыркайлар чоң болуп төрөлөт. Анда да айрылып кетүү коркунучу жогору.

Бирок аялдардын физиологиясы ушундай жаралган, акушер айткандарды туура жасап, туура дем алып, ыйынса “разрыв” болбойт. Бардыгы аялдын өзүнөн, анын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнөн жана акушердин адискөйлүгүнөн көз каранды.

  1. УЗИге улам-улам түшө берген зыянбы?

Жок, зыян эмес. Болгону Саламаттыктыактоо министрлиги тарабынан бекитилип, так жазылган протокол бар. Ага ылайык, кош бойлуулуктуу сапаттуу көзөмлдөө үчүн УЗИге эки жолу түшүү жетиштүү.

  • Биринчи УЗИге түшүүнүн максаты, кош бойлуулуктун мөөнөтүн аныктоо. 10-13 жума 6 күн мезгил аралыгында түшүү зарыл. Башка учурда УЗИге түшүү мөөнөтүн так аныктоо мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.
  • Экинчи ирет УЗИге түшүүнүн максаты, ымыркайдын өрчүшүндөгү кемтиктерди алдын ала аныктоо. 18-20 жума 6 күн мезгил аралыгында жүргүзүлөт.

 

  1. Бойдон түшүп калгандан кийин кайра калыбына келүү үчүн канча убакыт керектелет?

Үч айдан алты айга чейин. Мүмкүн болсо жарым жылдан аз эмес. Себеби, биринчиден аял киши физикалык жана моралдык жактан кайра калыбына келиши керек. Экинчиден, текшерүүдөн өтүп, эмне себептен бойдон түшүп калганын аныктоо зарыл. Кийинки кош бойлуулукта мындай коркунучту алдын алуу үчүн профилактикалык иш чаралар жүргүзүлөт.

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Төрөт учурунда туура дем алуу техникасын бул жерден окуңуз. 

Кош бойлуулук. Кайсы айларда гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүү керек? 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Атам мени "псих

Атам мени "псих, кийин сени күйөөң урат" деп айтат. Окуучу кыздын баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.