Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Тишке байланган көйгөйлөр

Тишке байланган көйгөйлөр

22 июля, 2026
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Тиш бул — адамды көрккө бөлөп турат. Эгер таза, аппакай, күрүчтөй тизилип турса. Бирок “Бир күндө эки ирээт тишиңди жуу, тиш щеткасын үч айда бир алмаштырып тур” деген шарттарды аткарбай көйгөйгө кабылгандар аз эмес. Стоматолог Рысбек Бекишов тишке туура кам көрүүнүн жана агартуунун ыкмаларын айтып берди.

  • Тиштин саргарып кетүүсүнүн себептери.

— Эгер тишиңиз сиз ойлогондой түстө болсо анда тартынбай сүйлөө же жылмаюу тартуулоо сизге кыйынчылык туудурбайт. Бирок көпчүлүк тиштин бузулуусу же саргарып кетиши тартынчаактыкты пайда кылат. Сары түстөгү тишке кантип кабылабыз?

Генетика. Тиштин эмалына жана мүлкүнө доо кетирген оорулар бар. Оору тиштин саргарып кетүүсүнө алып келет. Мындай учурда тиштин саргарышы ата-энеден баласына өтөт. Бул учурда тишти агартып коюу мүмкүн эмес

Чылым чегүү. Тиштин бузулушуна жана саргарып кетишине чылым чегүү өтө чоң таасирин берет. Себеби тамекинин курамындагы никотин тиштин сырткы эмалына жабышып терең сиңишип кетет. Чылымдан топтолгон чайырды кетирүүгө тиш пастасынын күчү жетпейт.

Курамында кант бар азык. Бир күндө бир нече курамында кант бар тамак-аштарды жесеңиз тишиңиздеги сары түз күчүнө кирет.

Суусундук. Кофе, пепси, кока-кола, коюу демделген чайлар тишти өчпөй турган сары же күрөң түскө боёчу каражаттардын катарын толуктайт.

Жаш курак. Жаш өткөн сайын тиштин эмалдары жукарат. Эгерде чылым тартпасаңыз, таттууларды аз өлчөмдө колдонсоңуз саргарган тиштерге эрте жашта эле ээ болуп калбайсыз.

  • Тишти кантип агартса болот?

— Көпчүлүк адамдардын дарыгерге барып техниканын же кымбат баалу дарылардын жардамы менен тишин ойдогудай агартып алуусуна капчыгы туура келе бербейт. Ал эми үйдө дайыма колдонуп туруучу каражат, азыктар менен агартып алууга эмнеге болбосун. Үй шартында тишти агартууга лимон, суутек кычкылы жана ашкана содасы сунушталат.

Аш содасы тишке агартуучу натыйжа берет. Колдонуу ыкмасы: тиш щеткасына соданы себип алып тишти сүртүп, андан соң суу менен чайкап коюу. Бирок бул ыкманы дайыма кылуу тиштеги эмалдардын жукарып кетишине алып келет.

Лимон кабыгы менен тишти сүртсөңүз, бул да тиштин агаруусуна алып келет. Мындан сырткары лимон ширеси менен оозду чайкап турса дагы болот.

Кебезди суутек кычкылына (перекс) нымдап алып тишти сүртсө же оозду чайкаса бир гана микробдорду өлтүрбөй агартуучу касиетин дагы көргөзөт.

  • Тишти туура жуунун ыкмасы.

— Тишти туура эмес жуу чоң көйгөйгө алып келет. Баамдап карасаң көпчүлүгү тишти шарты менен жууганды билбейт. Дүйнөдө тишти тазалоонун бир кана түрлөрү бар ошолордун арасынан, эң эффективдүүлөрү:

  1. Тишти жууганда ал бери дегенде эле 3 мүнөткө созулушу керек;
  2. Тиш щеткасын 45 градусга чукул кармап жуу;
  3. Алдыңкы жана үстүңкү тиштерди өз-өзүнчө тазалоо;
  4. Маңдайкы тишти биринчи, анда соң түпкү тиштерди жуу;
  5. Алдыңкы тиштерди ылдыйдан өйдө, үстункү тиштерди өйдөдөн ылдый тазалоо;
  6. Тилди да тазалап, жуу абзел. Себеби тиштин арасындагы микробдор тилде да бар;
  7. Аягында оозду сергитип туруучу каражаттар менен чайкоо;
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

22 июля, 2026
3.6k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

22 июля, 2026
3.4k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

22 июля, 2026
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Кыз ала качуу - кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

Кыз ала качуу — кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

22 июля, 2026
3.3k

Кыргызстанда ала качуу кылмыш экенине карабай, бул адат дагы да болсо жоюла элек. Кыз ала качуу фактылары толугу менен токтомоюн, кыздардын да, эркек балдардын да ата-энелери аларга бул...

Кийинки макала
Канткенде "ушак" айтууну токтотом?

Канткенде "ушак" айтууну токтотом?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

22 июля, 2026
3.4k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

22 июля, 2026
3.4k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.