AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Тамакты жакшы жегендер төшөктө мыкты болобу? Сексологго 10 кызыктай суроо

Тамакты жакшы жегендер төшөктө мыкты болобу? Сексологго 10 кызыктай суроо

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg психотерапевт жана сексолог Комаровер Илья Нухимович менен маектешти. Илья Нухимовичке оргазм, мастурбация, аналдык секс, виагра, жыныс мүчөнүн өлчөмү жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жоопторду алдык.

Ким сексологго кайрылат?

Сексуалдык суроолор боюнча жетиштүү маалыматы жок адамдар сексологго кайрылат. Анын себеби жөнөкөй. Ата-эне баласы үч жашка чыкканда эмне үчүн эркектерде “краник”, кыздарда “дырочка” болорун түшүндүрүп берген эмес. “Сени капустадан таап алганбыз” же «илегилек таштап кеткен» деген кайдагы мифтерди айтышат. “Краник” “дырочкага” салынат, анан сен төрөлгөнсүң”,- деп чындыкты сүйлөсө, бала биринчи маалыматты көчөдөн эмес, ата-энесинен алып туура багытта өнүгөт. 

Адамдын жыныстык катнашта кандай экенин анын тамак жегенине карап аныктоого болобу?

Илгери тамакты жакшы жесе, жумушту дагы жакшы кылат деп ойлошуп, табити мыкты жумушчуларды кызматка алышчу. Тилекке каршы, сексте андай эмес. Тоюп алсаңар, эң аз дегенде эки саатка чейин нормалдуу жыныстык катнашка бара албайсыңар. Кандын баары тамакты сиңирүүгө жумшалат, адам уйкусурайт, кумарга батуу тууралуу ойлонбойт. Секс менен тамактанганга чейин же тамактангандан эки саат өткөндөн кийин алектенүү керек.

Аналдык секстен бойго бүтүп калуу мүмкүнбү?

Эгер презерватив колдонбосо, бойго бүтүп калуу ыктымалы бар. Айталы, жыныстык катнашка барып бүткөндөн кийин, позаны алмаштырасыңар, туурабы? Жыныс кыны менен анустун ортосундагы аралык болгону 5 см, ал “просак” деп аталат. Ошол “просак” аркылуу сперма агып келип жыныс мүчөгө кирип кетет.

Жаштар дүүлүктүрүүчү дары ичсе болобу?

Жок, болбойт. Виаграны 65-70 жаштан өткөндөр, эректилдик дисфункция жана простатитке чалдыккандар, кандайдыр бир себептен улам жыныс мүчөсү жабыркагандар ичиши керек.

Өнөктөштөн алган оргазм менен мастурбация жасап алган оргазмдын айырмачылыктары барбы?

Ооба, айырмасы бар. Айталы, эркекти же аялды элестеткенде, кокустан каалоо пайда болот. Эмне үчүн кокустан дегенде, кандагы гормондордун деңгээли көтөрүлүп, релаксацияны талап кыла баштайт. Анан адам мастурбация жасайт. Мастурбация элүү пайыз кумар берет. Көбүнчө бул нерсе менен жанында өнөктөштөрү жоктор, мисалы, кызмат өтөп жаткан аскерлер алектенет. Эгер өнөктөшүңөр бар болсо, жүз пайыз кумар берген нормалдуу жыныстык катнаш менен алектенүү керек. Ал эми оралдык секс жетимиш пайыз кумар тартуулайт.

Ата-энеңдин кумарга батып жатканын көрүп калсаң эмне кылуу керек?

Кечирим сурагыла же жөн гана билмексен болуп чыгып кеткиле. Эгер ата-эне тараптан суроолор пайда болсо, дагы кечирим сурап, кокустук болуп кеткенин түшүндүргүлө. Анткени, алар силерден дагы эки эсе уялат. Ата-эне бири-бирин сүйүп, жыныстык катнашка барып жатса, анда кубануу керек. Кээде чоң ата менен чоң энелер дагы бири-бирине болгон сүйүүсүнөн кумар алышат. Андан кийин теманы козгобогула, бул ата-эненин, кийин силердин жана балдарыңардын интимдик мамилеси болуп саналат.

Төшөктө жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүүбү?

Эгер жыныс мүчө өтө чоң же кичинекей болсо, анда маанилүү. Ал эми жалпысынан, бул жомок. Эркектин жыныс мүчөсү чоң болсо, аялдын жыныс кынында жаракаттарды пайда кылат, секс учурунда оорутат. Ал эми бул аялдарга жакпайт. Ал эми кичинекей болсо дагы кабатырлануунун кереги жок. Аялдын жыныс кынынын негизги сезимтал зонасы кичи жыныс эриндеринин артында жайгашкан. Демек, эркектин мүчөсү кичинекей болсо дагы кумар тартуулай алат. Көп көйгөйлөр чоң өлчөмдөгү жыныс мүчө менен байланыштуу. Жыныстык катнаштан оорутуу эмес, кумар алуу керек.

Секс иммунитетке таасирин тийгизеби?

Ооба, таасир берет. Нормалдуу жыныстык катнаш менен жашасаңар, туура тамактанып, өз убагында уктасаңар албетте иммунитетиңер жакшы болот. Эгер булардын бирөөсү туура эмес боло баштаса, иммунитет төмөндөйт.

Жыныстык катнаштын сапаты анын узактыгы менен аныкталат деген чынбы?

Жыныстык катнаш өтө эле узакка созулуп кетсе, аялдын жыныс кыны кургап, майда жаракаттар, кан агуу пайда болот. Бул өз кезегинде оорутууларга, жагымсыз сезимдерге алып келет. Ар бир аял менен эркектин физиологиялык параметрлери, же жыныстык катнашка баруу убактысы чогуу жашоодон улам аныкталат. Узак жыныстык катнаш табиятта байкалбайт. Кумар алуу үчүн өнөктөштөргө белгилүү бир убакыт эле керек.

Биринчи секс ырахат алууга кепилдик бере албайт деген чынбы?

Адатта, ошондой болот, башында коркуу жана өзгөчө бир сезимдер пайда болушу мүмкүн. Мисалы, биринчи жолу балмуздак жеп жатканда анын эмне экенин түшүнбөйсүңөр. Көбүрөөк кумарды ал балмуздак тууралуу сүйлөшүүлөр тартуулайт. Айталы, секс тууралуу 11-12 жашыңарда, жыныстык жактан жетилип баштаганда сүйлөшө баштайсыңар. 17-18 жашка чейин сүйлөшө бересиңер, сүйлөшө бересиңер, анан даамын татып көргөндө эмне кылышты билбей же кумар алалбай туруп каласыңар. Бул үчүн табитти, сезимдерди, кумарды өнүктүрүү керек. Айрым учурларда гана биринчи секстен дароо кумар алышат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем “себетке бир эле блок фанта кошуптур” деген туугандарын кууп чыкты

Кайын энем “себетке бир эле блок фанта кошуптур” деген туугандарын кууп чыкты

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.