AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Таенеме жашоодон тажадым десем

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Жүрөгүн түшүрүп үйүнө түндө бардым. Жамгыр да жаап жаткан. Ким билет, ошол күнү таенеме жолукпасам, бүгүн бул окуяны жазып отурат белем же …

Аябай кыйналып кеттим. Жарытаарлык жумуш жок. Үч айдан бери эмгек маянамды беришпейт. Эки-үч эжеден карыз алгам. Алар күн сайын чалат. Телефон чырылдаса жүрөгүм козголуп кетет. Батирдин кожейкесинен эмне деген гана сөз укпадым. Кечээ светти кыркып коюшту. Эки күн мурун газды өчүрүшкөн. 

Акыркы ирет качан ысык тамак ичкеним эсимде жок. Курсагымдын курулдаганынан түндө уктай албай чыгам. Кийимдерим эски, тааныштарга жолукпасам экен деп тиленем. Бул арада ооруп да калдым. Бейтапканага барсам толтура даары жазып беришти. Аны алганга акча жок. 

«Жашоодон тажадым! Болду мындан ары чыдай албайм!», таенемдин тизесине жатып алып шолоктоп ыйлап жаттым. Чачымдан сылап отурду. Токтодум. «Жүр»,-деп, мени ашканага алып барды. Үч казанга суу толтуруп мешке койду. «Суу кайнагыча  жеп тур», — деп, өрүк кыям менен нан берди. Суу кайнады. Биринчи казанга – сабиз, экинчиге – жумуртка, үчүнчүгө – кофе салды. Буркулдаган сууда бышып жаткан азыктарды үн катпай карап отурдук.

Отуз мүнөттөн кийин мешти өчүрдү. Сабизди, жумуртканы алып чыгып эки башка табакка салды. Кофени кружкага куйду. Мени чакырып, ар бирин кармап жана татып көрүүгө буйрук берди.

Сабизди кармасам жумшак экен. Жумуртканы алып кыстым, кабыгы сынып кетти, ичиндеги сарысы катып калыптыр. Кофени ичип көрсөм, даамы укмуш, бир аз өзүмө келе түштүм.

— Таене, муну менен эмне айткыңыз келди?

— Кызым, бул азыктардын баары, бир эле көйгөйгө – кайнап жаткан сууга туш болду жана ар бири ар кандай таасир беришти.

Сабиз катуу болчу. Бирок, кайнак сууда отуз мүнөт тургандан кийин эзилип, жумшак болуп калды.

Жумуртка өтө назик эле. Анын жука кабыгы ичиндеги суюктукту коргоп турчу. Кайнак сууга түшөөрү менен, ичиндеги суюктук катып калды.

Баарынан кофе жакшы жыйынтыкка ээ болду, ал кайнап жаткан сууну өзгөртө алды.

Эми айтчы кызым, кыйынчылыкка туш болгондо, сен кимисисиң? Сабиз, жумуртка же кофе?

— Ммм …

— Ойлонуп көрчү кызым. Сыртынан катуу көрүнгөнү менен кыйынчылыкта жумшак болуп күчүн жоготкон сабизсиңби? Же башына оор күн түшкөндө катып, таш боорго айланган жумурткасыңбы? Мүмкүн кофе? Ал оорчулукту жараткан кайнак сууну өзгөрттү, суу кайнаган сайын кофенин жагымдуу жыты чыга баштады.

Эгер сен кофе болсоң, кыйынчылыкка туш болгондо же сыноо учурунда тегерегиңдеги кырдаалды гана эмес, өзүңдү да бир гана жакшы жакка өзгөртө аласың, сынып калууга жол бербейсиң.  

Айтчы кызым, сен кимиси болгуң келет?

Маалымат бул жерден алынды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.