Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Билесиңби.KG
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Табигый контрацепция: календардык ыкма жана лактациялык аменорея

Табигый контрацепция: календардык ыкма жана лактациялык аменорея

22 июля, 2026
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчисинин орун басары Жамийла Усуповадан күтүүсүз кош бойлуулуктан сактоочу табигый каражаттар жөнүндө сурады.

Күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануунун эки ыкмасы бар: табигый жана жасалма. Бүгүн мен силерге табигый контрацепция, тактап айтканда лактациялык аменорея жана календардык ыкма тууралуу айтып берем.

Лактациялык аменорея

Лактациялык аменорея — төрөттөн кийин алгачкы 6 ай баланы эмизип жаткан учурга жарай турган убактылуу ыкма. Төмөнкү шарттарды аткарганда гана натыйжалуу болот:

  • аялдын этек кири келе элек;
  • 6 айына чейин балага кошумча тамак бербей, күнү-түнү эмчек гана эмизет;
  • баласынын жашы 6 айга жете элек.

Бул шарттардын бирөөсү гана аткарылбаса, бойго бүтүп калышы ыктымал. Мисалы, аял баласын төрт айына чейин эмизип, кийин кошумча тамак берүүгө өтсө, бала эмчекти көп эмбей калса, анда 4 айдан кийин эле аял кош бойлуу болушу мүмкүн.

Календардык ыкма

Бул табигый ыкма бойго бүтүп калуу үчүн “коопсуз” жана “кооптуу” күндөрдү аныктайт. Этек кири үзгүлтүксүз, туруктуу келген аялдар колдоно алат.

Ай сайын календарга айыз күндөрүн белгилеп турушу керек. Кээ бирөөлөрдүн менструалдык циклы 24, айрымдарыныкы 31 күнгө созулат. Ошондуктан айым, циклин жатка билүүсү зарыл.

Этек кир келген күнүн эсептеп, овуляция күндөрүн (кайсы күндөрү жыныстык катнашка барбашы керек экенин) гинеколог так айтып берет.  

 

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

22 июля, 2026
3.6k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

22 июля, 2026
3.4k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

22 июля, 2026
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Кыз ала качуу - кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

Кыз ала качуу — кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?

22 июля, 2026
3.3k

Кыргызстанда ала качуу кылмыш экенине карабай, бул адат дагы да болсо жоюла элек. Кыз ала качуу фактылары толугу менен токтомоюн, кыздардын да, эркек балдардын да ата-энелери аларга бул...

Кийинки макала
Осул (стоматит) - белгилери

Осул (стоматит) - белгилери, себептери, дарылоо

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

22 июля, 2026
3.4k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

22 июля, 2026
3.4k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
  • Бардык макалалар

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.