AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Эки жыл кыңк эткен жокмун

Башкаларга бактылуу көрүнгөнүм менен бактысызмын. Атам аракеч. Биз менен иши жок, бир бөтөлкө болсо болду. Баарыбызды апам багып чоңойтту. Жанымдын кейигени ушул убакка чейин жакырчылыктан чыкпаганыбыз. Кудай боору оорудубу, айтоор, шаарга келип окууга тапшырсам өтүп кеттим. Анан баары башталды…

Турмуштун ысык-суугуна урундум, миң ирет жыгылып, миң ирет турдум. Кыйналган күндөрү апамдын кашында жүргөнүмдү элестетип ыйладым.

Апамдын бир тууган сиңдисинин үйүндө жашамакчы болдум. Таежемди бир сөз менен сүрөттөй турган болсом – тажаал аял. Эки жыл кыңк эткен добуш чыгарбадым. Мени колунан эч нерсе келбеген байкуш көрүп ата-энеме асылат, көңүлүмдү оорутат, кара жумушка салат.

Сабактарыма жөнөтпөй иштетти. Окуудан чыгып алып жумушуна барам, ал жерде түнкү 3-4төргө чейин иштейм, кайра үйгө келип 2-3 саат уктап университетке жөнөйм. Лекциядан көзүм илинип кетет. Көп жолу “пересдача” болуп, эптеп окуума жетишип жаттым. Ошондо да жакпадым.

Айта берсем сөз көп. Баарын кудай көрүп турат. Абалымды туугандарынын үйүндө жашаган студенттер түшүнсө керек. А мен өзүмдү-өзүм өстүргүм келет. Каалаган кийимимди тандап алып, ар кандай курстарга катышсам дейм. Бирок, баарын таежем чечет, мага мүмкүнчүлүк бербейт. Мен чөгүп баратам.

“Балдарды ким карайт, тамак өзү эле бышып калабы”,-деп, эч жака жибербейт. Жакын курбаларым да жок. Таежем азыркы достор саткын болоорун айтат.

Үйүнөн чыгып кетейин дейм, туугандарым кыз киши бөлөк жашаса бузулаарын айтышат. Тажадым. Чыдай албай калдым. Мага көп нерсенин кереги жок. Эркин жана бактылуу болгум келет. Студенттерге кеңешим эч качан туугандарыңар менен жашабагыла!

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Бой жетүү – бул жеңил процесс эмес, бирок толук кандуу жашоо үчүн зарыл болгон нерсе. Шаарга көчүп келгенден бери көп кыйынчылыктардан өткөнүңүздү жазып жатасыз. Чөйрөнүн алмашуусу, жаңы адамдар – психикага жана организмге стресс болгону менен, бул табигый көрүнүш. Эч жерде жеңил болбойт, бул нерсени түшүнүү абдан маанилүү.

Кеп таежеңиз менен чогуу жашаганыңызда эмес. Көйгөй өзүңүздүн жеке чегиңизди коргой албаганыңызда. Сиздин ичиңизде дагы да болсо, өзүнүн каалаган нерсесин сатып алгысы келген, бирок таежеси уруксат бербеген кичинекей кыз жашайт. Мисалы, келечекте жумушка орношсоңуз жетекчиңиз жакшы эмес экенин айтып даттынышыңыз мүмкүн. Же турмушка чыкканда туугандардын бирөөсү жашатпай жатат дейсиз.

Бирок жакшы кабар бар – өз жашооңузга жоопкерчилик алып, анын толук кандуу кожейкеси боло аласыз.

Башка жумушка орношуп акча табууга эмне тоскоол болууда? Айлыгыңызды чогултуп, өзүңдүн өнүгүүңүзгө коротосуз жана бул тууралуу сөзсүз эле бирөөлөрдүн кабардар болуусунун кереги жок. Курстарга катышып, бир нерселерди сатып алууну каалап жатканыңызды жазыпсыз. А сиз буларга жетүү үчүн эмне жасадыңыз?

Кичинекей кыз менен бой жеткен кыздын айырмасы – жоопкерчиликте. Бой жеткен адамдын жеке пикири бар жана ал пикири башкаларга жагышы мүмкүн эмес экенине даяр болот. Адамдардын сынына туруштук бергенди билүү керек. Албетте, улууларды урматтоо керек, бирок аларга жагуу үчүн өзүңдү курмандык кылуунун кереги жок. Убакыттын өтүп канаттарыңыз күчтөнгөндө таежеңизден бөлүнүп өзүңүздүн жашоону баштоого даяр болосуз.

Эр жүрөк болуңуз! Сизге ийгилик каалайм!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.