AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Шырдак шырып

Шырдак шырып, төшөк тиккенди билбейм, балдарыма артыман эмне калат дечү элем

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн уйку жок. Ары оодарылдым, бери оодарылдым. Ашканага барып суу ичип келдим. Кайра жаттым. Кайра турдум. Калп өзүмдү кыйнай бербейинчи дедим дагы, сыртка чыкым.

Түн. Ай өзгөчө жарык. Балтек «буга эмне болгон «деген көз менен карады. Эшиктин алдында балдарымдын оюнчуктары чачылып жатат. Аларды аралап скамейкага бардым.

Бүгүн мага бир ой келди. Мен өтүп кетсем балдарыма эмне калат? 

Ыраматылык таенем. Сексенге чыкканча жаны тынбады. Кичинекей кара кемпир эле. Бүкүрөйүп алып шырдак шырып, курак куруп, төшөк көктөп жүрө берчү. Карыганда жөн эле отурбайбы тытынбай деп, баарыбыз жактырбайт элек. Көрсө кары кишиге ошо дем берет турбайбы. 

Таенемди жоктоп боз үйдө отурганбыз. Улуу таежебиз кирип келип, баарыбызга таенемдин аманаттарын тапшырды. Бирөөбүзгө туш кийиз, экинчибизг жууркан, үчүнчүбүзгө шырдак ж.б. тийди. Небере, чөбөрөлөрүнө чейин унутпаптыр. Көрсө артынан ушуларды калтырып кетиш үчүн тытынып жүрчу тура.

Туш кийиз менин бөлмөмдө илинип турат. Аны көргөн сайын таенемди эстеп ыйлайм. Ар дайым мага дем берип турат. Сапаты ушунчалык сонун тигилген. Менин неберлериме чейин жетери анык. 

А менден балдарыма эмне калат? Төшөк тиге албайм, шырдак шыра албайм, сайма сая албайм…

Күйөөм чыкты. Баары жакшыбы сурады. Оюмду айтып бердим.

— Менин колумдан бир нерсе келет дейсиңби? Бирок, билесиңби экөобүз балдарыбызга бир нерсе бере алабыз. 

— Эмне?

— Сүйүү, сүйүү… Жөн гана аларды сүйсөк болду. Кандай болсо ошондой болушсун, кел жөн гана сүйөбүз. 

Таңкалып карадым. 

Үйгө кирип жаттык. Таенемдин туш кийизин сылап жатып уйкуга кеттим. Мээмде бир гана сөз калды, «сүйүү».

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

 

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Досумдун аялы эмне үчүн меникинен бактылуу экенин билип өкүндүм

Досумдун аялы эмне үчүн меникинен бактылуу экенин билип өкүндүм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.