AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Шаардык келиним качан бизди чанып кетет деп жашаганыма 182 күн болду

Шаардык келиним качан бизди чанып кетет деп жашаганыма 182 күн болду

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Анан 25 адамдан турган коллективди жетектейт…» Уулум оозундагы мантысын чайнап бүтө элек жатып, болочок келиним жөнүндө айта берди. Үч билими бар дегенде эле оозум ачылган, ошол бойдон жабыла элек. Уулум колун майлыкка сүртү, «апа бир нерсе деңизчи» деди. Оюма биринчи келген суроону узаттым. «Сени кантип карады?»

Уулумдун жашоосу машина. Ыраматылык атасы дагы ошондой болчу. Айылда ал оңдобогон машина, трактор калган жок. Кичинесинен бери атасынын жанынан чыкпайт. Баарын үйрөнүп алган. 11-классты бүткөндө, башкалар сыяктуу эле балам шаарда окуса, юрист болсо дегем. Эми элден калбай ойлонгом да. Айылдагы техникумга тапшырганда капа болгом, үй-бүлөңдү кантип багасың деп сурагам. Азыр бул сөздөрүмө өкүнөм. Көрсө балаңдын бакыты ал сүйгөн кесибинде иштөө турбайбы.

Кээде үйдө отуруп зериккенде жумушуна барам. СТО ачып алган. Мага бир запчастарын көрсөтүп, ар нерсени божурап жумушун кылып жатканын көрүп, уулум бактылуу экенин билдим. Кара майга чыланган колдору менен алып барган жармамды ичип жатканын көрүп ого бетер ынандым. Ар бир эне балам бактылуу болсо дейт, менин тилегим орундалды. Эми түгөйүн тапса деген эле тилегим калды. 

Сүрөтүн көрсөттү. Ак жумал кыз экен. «Алдыгы кара май колуң менен муну булгап албайсыңбы?» Дагы оюмдагы нерсени айтып алдым. Уулум күлдү.

— Апа, мени аны бактылуу кылам.

— Ал биздин турмушта бактылуу боло алабы, уулум, мен ошону ойлонуп жатам. Ал дагы бирөөнүн кызы, көр турмуш менен соолутуп албасак экен дейм. Алган билимин колдон чыгарбай колдонуп жүрсө дейм.

— Апа, экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Ал өз жумушунда иштей берет. Мен ага тоскоол болбойм. Үйдө отурбайт, мен буга каршымын.

Кудалардын үйүнөн чыктык. Арткы машинада бекитип жүргөн сөйкөм менен ак жоолугумду салынып келиним менен уулум келатат. Мен оюмда азыр эмне дебейсиңерби, эртең кудалар келсе, топурактан салынган үйдө кантип тособуз, чыныларыбыздын кейпичи, аларга кантип чай куюп беребиз. Татыктуу узатып алсак экен. Уулум ай, карыган энеңди бир түйшөлттүң, бактылуу болбосоң бирди көрөсүң. 

Баары жакшы өттү. Адамгерчиликтүү кудалар экен. Бергенибизди жеп, ыраазы болуп, кызына бата берип кетишти. Мен бактылуумун. Адамгерчилик деген нерсе тирүү экен.

Келиним бир дагы жолу мурдун чүйрүбөдү. Биздин бүлөдөй эле болуп чогуу жерге отуруп тамак ичип, мага ысык чайын сунуп жыргап жүрдү. Уулум экөөнүн мамилеси дагы сонун. Мен ортолоруна аралашпайм деп чечкем. Карыганда мага ошол эле жетишпей жатты эле. Мен жөн гана сырттан суктанып жүрдүм. Кийин урушса дагы аралашпайм.  

Чанып кетет дегем. 182 күн болду. Жөнөкөй, ачык, жайдары келиним дале ошондой. Туугандардын баары «шаардык жеңе» дешип жакшы көрүшөт. Келиним мага көп нерсе үйрөттү. Мурда кечке эле эт асып жей берчүбүз. Көрсө эттен толтура тамак жасаса болот тура. Инстаграмды үйрөтүп койгон. Пенсиям тиери менен үйгө инстаграмдан көргөн буюмдарды алганы базарга жөнөйм. Үй жаңырып калды.

Келиним иштеп жатат. Кызматынан дагы көтөрүлдү. Уулум колун кара май кылып дагы эле СТОсунда. Экинчи СТОсун ачты. Ал дагы келери кеч жумушта. Балдарымдын бир жакшы жери, кечинде экөө чогуу үйгө келет. Бири-бирин күтүп турушат экен. Мен алар келгиче инстаграм чукулап эшикте отуруп турам. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Акчаны эмес

Акчаны эмес, көңүлүңө жаккан жумуш тандасаң бактылуу болосуң. Бизнесменден кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.